Билим

Министрлер Кабинетинин Төрагасы: Кыргызстан аймактагы билим берүү кластерин түзө алат

Билимди экспорттоо – бул эркиндикти сүйгөн адамдардын экспорту. Кыргыз Республикасы аймактагы билим берүү кластери боло алат, бул эркин ой жүгүртүүчү коомдун экосистемасында мүмкүн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу» темасында өтүп жаткан Ректорлордун дүйнөлүк форумунда билдирди. «Биздин республикада жергиликтүү жана чет элдик IT-адистердин иштөөсү үчүн мыкты […]Читать далее

Билим

Акылбек Жапаров: “ЖОЖдор өлкөнүн өнүгүүсүнө тийиштүү салымын кошуусу зарыл”

«Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайлары билим берүү кызматын гана көрсөтпөстөн, өзүнө саясий-экономикалык, маданий-социалдык багыттарда флагмандын ролун алып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошуусу зарыл», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу» темасында өтүп жаткан Ректорлордун дүйнөлүк форумунда. Министрлер Кабинетинин башчысы Түштүк-Африка Республикасынын Президенти Нельсон Манделанын «билим берүү – […]Читать далее

Коом

Бийлик өкүлдөрү Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушту

Элет элинин көйгөйү менен жеринде таанышуу жана чечүү максатында, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушту. Район тургундары жеке көйгөйлөрүн ооз эки жана жазуу түрүндө билдиришүүдө. Алар негизинен жеке бузулган укуктары, түрдүү адилетсиздиктер, социалдык көйгөйлөр, коррупциялык иштер, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер тууралуу суроо-талаптарын […]Читать далее

Коом

Бишкек мэриясында улуттук каада-салттарга арналган иш-чаралар талкууланды

Шаардык муниципалитетте вице-мэр Виктория Мозгачеванын жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук каада-салттар жөнүндө» жана «2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу» Жарлыктарынын аткарылышы боюнча жыйын өттү. Жыйынга маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин, билим берүү башкармалыгынын, мамлекеттик тил бөлүмүнүн жетекчилеринин жана акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары катышты. Катышуучулар […]Читать далее

Коом

“Көк-Жар” конушу жарыктандырылды

“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын жаңы конуштарында тышкы жарык берүү тармактарын модернизациялоодо. Адистер Көк-Жар конушунун Молдокулов, Куйручук, Ой Терскен, Конорчок, Көк – Жаңгак , Көк-Жайык, Калмурзаев жана Арстанбап көчөлөрүндө жарыктандыруу иштерин жүргүздү. Анын негизинде 180 светодиоддук чырактар орнотулду, алардын кубаттуулугу 100 Вт. Ошондой эле 5700 метр өзүн-өзү алып жүрүүчү изоляцияланган зым (СИП) тартылды.Читать далее

Коом

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын кызматкерлери сынактан өтүүдө

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын кызматкерлери коопсуздук боюнча сынактан өтүп жатышат. Персоналдык тейлөөчүлөрдүн билим деңгээлин текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, кызматкерлерден атайын экзамен алынууда. Экзамендин негизги максаты – температурасы 110 градустан жогору буу жана суу казандарын коопсуз пайдалануу болуп эсептелет. Белгилей кетсек, ишкананын отказандарды иштеткен кызматкерлери жыл сайын сынактан өтүшөт.Читать далее

Коом

Талаптарга жооп бербеген жарнамалар алынууда

Бишкек шаарынын мэриясы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына жооп бербеген жана уруксатсыз орнотулган жарнамаларды алуу иштерин күчөтүүдө. Бүгүн Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнөн баштап Киев-Манас проспектине чейин алуу иштери жүргүзүлүп, 45 жарнамалык штендер, 7 жарнамалык пано, 19 жарнамалык баннер алынды.Читать далее

Билим

Талантбек Бекташов билим берүү министринин орун басары болуп дайындалды

Талантбек Бекташов билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бекташов кечээ, 13-сентябрда жамаатка тааныштырылды.Читать далее

Саясат

Бактияр Орозов юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

Орозов Бактияр Сайпидинович юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ, 13-сентябрда жаңы орун басар жамаатка тааныштырылды. Орозов Бактияр Сайпидинович 1986-жылы туулган. Жогорку юридикалык билими бар жана юридика илимдеринин кандидаты.Читать далее

Спорт

Президент дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбековду куттуктады

Президент Садыр Жапаров Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан Жоламан Шаршенбековду жеңиши менен куттуктады. “Намыска жарадың Жоламан, баатыр! Азаматсың! Кыргыздын баатырлык сапатын дагы бир жолу даңазалап, күйөрмандарың үчүн да, жалпы кыргыз эли үчүн да эң мыкты кармаш көрсөттүң. Силердей спорттун чеберлеринин ар бир мындай жогорку жеңиши артыңарда өсүп келе жаткан жаш балбандар […]Читать далее