Бактияр Орозов юстиция министринин орун басары болуп дайындалды
![Бактияр Орозов юстиция министринин орун басары болуп дайындалды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/09/whatsapp_image_2022-09-14_at_09_41_43_730x400-1.jpeg)
Орозов Бактияр Сайпидинович юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-сентябрда жаңы орун басар жамаатка тааныштырылды.
Орозов Бактияр Сайпидинович 1986-жылы туулган. Жогорку юридикалык билими бар жана юридика илимдеринин кандидаты.