Акылбек Жапаров: “ЖОЖдор өлкөнүн өнүгүүсүнө тийиштүү салымын кошуусу зарыл”

 Акылбек Жапаров: “ЖОЖдор өлкөнүн өнүгүүсүнө тийиштүү салымын кошуусу зарыл”

«Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайлары билим берүү кызматын гана көрсөтпөстөн, өзүнө саясий-экономикалык, маданий-социалдык багыттарда флагмандын ролун алып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошуусу зарыл», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу» темасында өтүп жаткан Ректорлордун дүйнөлүк форумунда.

Министрлер Кабинетинин башчысы Түштүк-Африка Республикасынын Президенти Нельсон Манделанын «билим берүү – бул эң күчтүү курал, анын жардамы аркылуу дүйнөнү өзгөртсө болот» деген сөзүн мисалга келтирди.

«Бүгүн биз «Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу» девизи астында чогулууну чечтик. Форумдун жүрүшүндө дүйнөлүк экосистеманы өнүктүрүү, өлкөнү туруктуу, инклюзивдүү өнүктүрүү, мамлекетти санариптештирүү, жашыл экономиканы, өлкөнү социалдык, экономикалык жана экологиялык аспектилерде өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат. Коомдун тарыхый, маданий, социалдык-экономикалык өнүгүшүндө университеттердин ролу бардык мезгилде олуттуу жана маанилүү болгондугун тарых көрсөтүп турат. Азыркы жана келечектеги билимди жаратуучулар катары университеттердин ролун жогору баалоого болот. Билимге жана инновацияга негизделген экономикалык өсүү – бул гүлдөп-өнүгүүгө жана бакытка карай жол!», – деди ал.

Акылбек Жапаров кошумчалагандай, биз бүгүнкү күндө интеграциялык билим берүүнүн, квалификациянын, ар кыл тармактын кесилишиндеги татаал кесиптердин активдүү өнүгүп жатканын көрүп жатабыз.

«Аралыктан билим берүүнүн, аралаш гибриддик окутуунун ролу жогорулап жатат. Университеттер менен өлкөлөрдүн ортосундагы чек аралар жоголуп баратат – эми заманбап санариптик платформаларды колдонуу менен дүйнөнүн каалаган жеринде окуса болот. Ошол эле учурда жергиликтүү ЖОЖдор өнүгүп, алардын өз аймактарын, райондорун, облустарын, штаттарын өнүктүрүүдөгү деңгээли жана мааниси өсүүдө. Албетте, өмүр бою билим алуу жана инклюзивдик окутуу концепциясы өнүгүп жатат. Ошону менен бирге, азыркы учурда жогорку окуу жайлары замандын талабына жараша өзгөрүп турушу керектигин белгилегим келет. Санариптештирүү билим дүйнөсүндөгү убакыт жана мейкиндик түшүнүгүнө чакырык таштап, каалаган жерден билим алууга мүмкүндүк берет. Гибриддик окутуу студенттерге аудиторияда үйрөнгөн түшүнүктөрдү реалдуу дүйнөгө колдонууга мүмкүнчүлүк берип, иммерсивдүү жана эксперименталдык окууга мүмкүндүк берет», – деди ал.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, аттандаштыктагы артыкчылык өлкөнүн көлөмү, бай жаратылышы ресурстары, финансы капиталынын кубаттуулугу менен аныкталбайт. Учурда билим деңгээли жана коомдун сиңирген билим жыйындысы бардыгын чечет.

«Бүгүнкү күндө ата мекендик университеттердин алдында өлкөнүн инновациялык жана туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү милдети турат. Биз адам ресурстарына, башкача айтканда, жумшак капиталга таянабыз», – деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, жогорку квалификациялуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү мекендештердин жаңы муунун калыптандырууда өлкөнүн кадрдык потенциалын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү колдоо максатында өлкө жетекчилиги жана Министрлер Кабинети тарабынан бир катар иш-чаралар: билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу; башкаруу, каржылоо жана академиялык аспектиде 5 университеттин автономиясын кеңейтүү; билим берүү уюмдарынын толук кандуу инновациялык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн билим берүүнүн жана илимдин мыйзамдык базасын кайра карап чыгуу демилгеленген.

Белгилей кетсек, учурда республикада 78 жогорку окуу жайы бар, анда 230 миңден ашык студент билим алат.

Связанный пост