Коом

Бишкек мэриясында улуттук каада-салттарга арналган иш-чаралар талкууланды

Шаардык муниципалитетте вице-мэр Виктория Мозгачеванын жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук каада-салттар жөнүндө» жана «2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу» Жарлыктарынын аткарылышы боюнча жыйын өттү. Жыйынга маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин, билим берүү башкармалыгынын, мамлекеттик тил бөлүмүнүн жетекчилеринин жана акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары катышты. Катышуучулар […]Читать далее

Коом

“Көк-Жар” конушу жарыктандырылды

“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын жаңы конуштарында тышкы жарык берүү тармактарын модернизациялоодо. Адистер Көк-Жар конушунун Молдокулов, Куйручук, Ой Терскен, Конорчок, Көк – Жаңгак , Көк-Жайык, Калмурзаев жана Арстанбап көчөлөрүндө жарыктандыруу иштерин жүргүздү. Анын негизинде 180 светодиоддук чырактар орнотулду, алардын кубаттуулугу 100 Вт. Ошондой эле 5700 метр өзүн-өзү алып жүрүүчү изоляцияланган зым (СИП) тартылды.Читать далее

Коом

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын кызматкерлери сынактан өтүүдө

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын кызматкерлери коопсуздук боюнча сынактан өтүп жатышат. Персоналдык тейлөөчүлөрдүн билим деңгээлин текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, кызматкерлерден атайын экзамен алынууда. Экзамендин негизги максаты – температурасы 110 градустан жогору буу жана суу казандарын коопсуз пайдалануу болуп эсептелет. Белгилей кетсек, ишкананын отказандарды иштеткен кызматкерлери жыл сайын сынактан өтүшөт.Читать далее

Коом

Талаптарга жооп бербеген жарнамалар алынууда

Бишкек шаарынын мэриясы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына жооп бербеген жана уруксатсыз орнотулган жарнамаларды алуу иштерин күчөтүүдө. Бүгүн Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнөн баштап Киев-Манас проспектине чейин алуу иштери жүргүзүлүп, 45 жарнамалык штендер, 7 жарнамалык пано, 19 жарнамалык баннер алынды.Читать далее

Билим

Талантбек Бекташов билим берүү министринин орун басары болуп дайындалды

Талантбек Бекташов билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бекташов кечээ, 13-сентябрда жамаатка тааныштырылды.Читать далее

Саясат

Бактияр Орозов юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

Орозов Бактияр Сайпидинович юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ, 13-сентябрда жаңы орун басар жамаатка тааныштырылды. Орозов Бактияр Сайпидинович 1986-жылы туулган. Жогорку юридикалык билими бар жана юридика илимдеринин кандидаты.Читать далее

Спорт

Президент дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбековду куттуктады

Президент Садыр Жапаров Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан Жоламан Шаршенбековду жеңиши менен куттуктады. “Намыска жарадың Жоламан, баатыр! Азаматсың! Кыргыздын баатырлык сапатын дагы бир жолу даңазалап, күйөрмандарың үчүн да, жалпы кыргыз эли үчүн да эң мыкты кармаш көрсөттүң. Силердей спорттун чеберлеринин ар бир мындай жогорку жеңиши артыңарда өсүп келе жаткан жаш балбандар […]Читать далее

Спорт

Жоламан Шаршенбеков алгачкы жолу күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту. Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышты. Анын алгачкы атаандашы венгриялык Кристиан Кечкемети болуп, Шаршенбеков аны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Ал эми чейрек финалда АКШнын балбаны Ильдар Хафизов менен күчүн сынап, беттеш башталары менен […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынына катышты

Президент Садыр Жапаров 13-сентябрда, армян тараптын демилгеси менен өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы кезексиз сессиясына катышты. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, кезексиз сессия армян-азербайжан чек арасындагы кырдаалга арналды. Мамлекет башчысы Кыргызстан ал үчүн эки дос мамлекеттин чек арасындагы кырдаалдын курчушуна абдан тынчсызданып жатканын белгиледи. Президент Садыр Жапаров кырдаалды саясий-дипломатиялык жол […]Читать далее

Коом

Бакыт Төрөбаев Токтогул жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Токтогул ГЭСинин жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Камбар-Ата -1 ГЭСин курууга даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бир күн мурун Бакыт Төрөбаев энергетикалык компаниялардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине карай даярдык көрүү маселеси боюнча […]Читать далее