Президент дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбековду куттуктады

 Президент дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбековду куттуктады

Президент Садыр Жапаров Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан Жоламан Шаршенбековду жеңиши менен куттуктады.

“Намыска жарадың Жоламан, баатыр! Азаматсың! Кыргыздын баатырлык сапатын дагы бир жолу даңазалап, күйөрмандарың үчүн да, жалпы кыргыз эли үчүн да эң мыкты кармаш көрсөттүң. Силердей спорттун чеберлеринин ар бир мындай жогорку жеңиши артыңарда өсүп келе жаткан жаш балбандар үчүн да чоң шыктандыруучу мааниге ээ.

Сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик ар дайым жылмайып турушун каалайм.

Чоң спортто сен багынта турган мындан да чоң жетишкендиктерге кыргыз эли менен чогуу күбө бололу”, – деп президент соцтармакка билдирүү калтырган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын куржунунда эки медаль бар: грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг) алтын жана Амантур Исмаилов (67 кг) коло уткан.

Связанный пост