Бишкек мэриясында улуттук каада-салттарга арналган иш-чаралар талкууланды

 Бишкек мэриясында улуттук каада-салттарга арналган иш-чаралар талкууланды

Шаардык муниципалитетте вице-мэр Виктория Мозгачеванын жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук каада-салттар жөнүндө» жана «2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу» Жарлыктарынын аткарылышы боюнча жыйын өттү.

Жыйынга маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин, билим берүү башкармалыгынын, мамлекеттик тил бөлүмүнүн жетекчилеринин жана акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары катышты.

Катышуучулар улуттук баалуулуктардын маанилүүлүгүн талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин “2022-жылга улуттук каада-салттарды сактоо жана өнүктүрүүнүн Улуттук программасын бекитүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча муниципалитеттин иш-чаралар планына өз сунуштарын киргизишти.

Белгилей кетсек, борбор калаанын мэриясы жол картасын иштеп чыгып, ага ылайык иш-чараларды ишке ашырат.

Жыйындын жыйынтыгы менен өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын уюштурулушун көзөмөлгө алуу, ошондой эле шаардыктар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Связанный пост