“Көк-Жар” конушу жарыктандырылды

 “Көк-Жар” конушу жарыктандырылды

“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын жаңы конуштарында тышкы жарык берүү тармактарын модернизациялоодо.

Адистер Көк-Жар конушунун Молдокулов, Куйручук, Ой Терскен, Конорчок, Көк – Жаңгак , Көк-Жайык, Калмурзаев жана Арстанбап көчөлөрүндө жарыктандыруу иштерин жүргүздү.

Анын негизинде 180 светодиоддук чырактар орнотулду, алардын кубаттуулугу 100 Вт. Ошондой эле 5700 метр өзүн-өзү алып жүрүүчү изоляцияланган зым (СИП) тартылды.

Связанный пост