Бийлик өкүлдөрү Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушту

 Бийлик өкүлдөрү Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушту

Элет элинин көйгөйү менен жеринде таанышуу жана чечүү максатында, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушту.
Район тургундары жеке көйгөйлөрүн ооз эки жана жазуу түрүндө билдиришүүдө. Алар негизинен жеке бузулган укуктары, түрдүү адилетсиздиктер, социалдык көйгөйлөр, коррупциялык иштер, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер тууралуу суроо-талаптарын узатышып, жетекчилик тарабынан тийиштүү жооп берилүүдө.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев, эл менен болгон жолугушуулар мамлекет башчынын жеке көзөмөлүндө экендигин баса белгилеп, ар бир кайрылуу ыкчам жана мыйзам чегинде чечилээрин билдирди.
Жолугушууга Ат-Башы районунун 200дөн ашуун тургуну катышты.

Связанный пост