Президент

Эмилбек Абдыкадыров Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.Читать далее

Билим

Кыргызстанда 1-сентябрга чейин мугалимдердин бардыгы ноутбук менен камсыздалат

Кыргызстанда бардык мугалимдер ноутбук менен камсыздалат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, ноутбуктарды алуу үчүн бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүндү. “Изилдөөлөр коронавирус пандемиясы учурунда мугалимдердин 60 пайызы өздөрүнө жеке ноутбук же персоналдык компьютер сатып алганы, калган 40 пайызынын техникасы жок экенин […]Читать далее

Билим

Колледждер 2023-жылы иш берүүчүлөр менен 280 келишим түздү

Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 17 пилоттук колледжде жумуш ордунда окутуу сыяктуу инновациялык ыкманы жайылтууда. Жумуш ордунда окутуу билим берүү уюмунун өндүрүштүк бөлүмдөрүндө, ишканалардын базасында билимди бекемдөөгө жана практикалык көндүмдөрдү өздөштөрүүгө багытталган. “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында: * 8 колледж […]Читать далее

Коом

Россиядагы мигранттар санариптик медициналык камсыздандыруу полисин акысыз ала алат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россиядагы эмгек мигранттарына милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) санариптик полисин кантип акысыз алууга болорун айтып берди Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиргендей, ушу жылы 15-февралдан тарта Москва шаарында иштеген кыргызстандыктар милдеттүү медициналык камсыздандыруунун санариптик полисин ала алат. Ал үчүн Малая Полянка көчөсү, үй №7 б.№5 дареги боюнча министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнө […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Саидбек Зулпуев Жогорку Кеңештин жаңы депутаты болду

Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомуна ылайык 55 жаштагы Саидбек Зулпуевди “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Боршайкомдон билдиришкендей, эл өкүлүнө күбөлүк жана төш белги ыйгарылды. Эске сала кетсек, ал өз ыктыяры менен мандатын тапшырган Абдыбахаб Боронбаевдин ордуна келди. Боронбаев 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан депутат болуп шайланган.Читать далее

Экономика

2023-жылы мигранттар Кыргызстанга 2,7 млрд доллардан ашуун каражат которгон

2023-жылы мигранттар Кыргызстанга 2 млрд 706,1 млн доллар которушкан. Мындай маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык, агым 2022-жылга салыштырмалуу 12%га азайган. Анда акча которуулар тутуму аркылуу өлкөгө 3 млрд 86,5 млн доллар которулган.. Өткөн жылы түшкөн акчанын 93,5%дан ашыгы Россияга туура келет, ал жактан 2 млрд 531,5 млн доллар которулган, бул көрсөткүч наркы жылга […]Читать далее

Өкмөт

Акылбек Жапаров: Былтыр Чүй облусунда 33 орто жана чакан ишкана

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты. Жыйында министрлер кабинетинин башчысы Чүй облусунда ачылган ири ишканаларды ар бирин жеке өзү көрүп чыкканын, эми өндүрүлгөн товарларды экспортко чыгаруу жаатында активдүү иш алып баруу зарылчылыгына токтолуп, ушул максатта инвестициянын көлөмү 100 млн долларды түзгөн “Wildberries” компаниясынын соода логистикалык борборун, Аламүдүн районунда 38 […]Читать далее

Коом

Бишкекте үч суу тосмо реконструкцияланууда

Бишкекте «Башкара-Суу», «Зонный» жана «ХБО» суу тосмолору реконструкцияланып жатат. Муниципалитеттен билдиришкендей, реконструкциялоо иштери жай мезгилинде суунун тартыштыгын болтурбоо максатында жүргүзүлүүдө. Ал эми «Орто-Алыш» суу сактагычында изилдөө иштери жүргүзүлүп, жасалма көлдөрдүн түбү тазаланды.Читать далее

Жогорку Кеңеш

Депутат Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшырды

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбахаб Боронбаевди мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатынан ажыратты. Документте депутат жеке арызынын негизинде “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан депутаттык мандатынан ажыратылганы айтылат. БШК депутаттын күбөлүгүн жараксыз деп тапты.Читать далее

Экономика

Быйыл Кыргызстан Кытайга 10 миң тонна жаңгак экспорттойт

2024-жылы Кыргызстан Кытайга 10 миң тонна жаңгак экспорттойт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай аракеттер жаңгактын экспорттук потенциалын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын продукциясы үчүн жаңы рынокторду издөөгө багытталган. Белгиленгендей, экспорт 2024-жылдын январынан тарта башталып, учурда 500 тонна жөнөтүлдү. Эскерте кетсек, жакында эле Анкарада өткөн кыргыз-түрк өкмөттөр […]Читать далее