Кыргызстанда 1-сентябрга чейин мугалимдердин бардыгы ноутбук менен камсыздалат

 Кыргызстанда 1-сентябрга чейин мугалимдердин бардыгы ноутбук менен камсыздалат
Кыргызстанда бардык мугалимдер ноутбук менен камсыздалат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, ноутбуктарды алуу үчүн бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүндү.
“Изилдөөлөр коронавирус пандемиясы учурунда мугалимдердин 60 пайызы өздөрүнө жеке ноутбук же персоналдык компьютер сатып алганы, калган 40 пайызынын техникасы жок экенин көрсөткөн. Азыр министрлер кабинети мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга 1,5 миллиард сом бөлдү. Апрель-май айларында мугалимдер техниканын биринчи партиясын алышат, калганы 1-сентябрда берилет. Учурда бир нече кытай компаниялары менен ноутбуктарды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алар өтө жакшы сапатта болот. Ноутбуктарды сатып алууда мугалимдердин иш өзгөчөлүгү эске алынып, экрандын жарыгы, процессордун ылдамдыгы каралат. Техника биринчи кезекте STEM-предметтери (физика, химия, биология, математика, информатика, англис тили) боюнча мугалимдерге берилет”, — деди Самыкбаева.

Связанный пост