Колледждер 2023-жылы иш берүүчүлөр менен 280 келишим түздү

 Колледждер 2023-жылы иш берүүчүлөр менен 280 келишим түздү
Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 17 пилоттук колледжде жумуш ордунда окутуу сыяктуу инновациялык ыкманы жайылтууда.
Жумуш ордунда окутуу билим берүү уюмунун өндүрүштүк бөлүмдөрүндө, ишканалардын базасында билимди бекемдөөгө жана практикалык көндүмдөрдү өздөштөрүүгө багытталган.
“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында:
* 8 колледж лабораториялар, окуу полигондору, устаканалар менен жабдылды;
* 8 колледж окуу-өндүрүштүк комплекстерде окутууну уюштурду;
* 8 колледж окуу процессине жумуш ордунда практикалык окутууну киргизди;
* 7 колледж туруктуу түрдө мастер-класстар өткөрүүдө;
* 6 колледж адистиктердин жарманкелери жана кесиптердин параддарына жигердүү катышууда;
* 5 колледж иш берүүчүлөрдү конок лекция окуп берүүгө чакырып турат;
* 5 колледж насаатчылыкты колдонууда;
* 5 колледж иш берүүчүлөр менен студенттерди сааттык негизде же айкалыштыруу түрүндө жумушка орноштуруу боюнча макулдашты;
* 3 колледж адистиги боюнча окуу долбоорлорун киргизди.
Иш берүүчүлөр менен өнөктөштүк келишимдеринин саны дээрлик 2 эсеге көбөйдү. Тагыраагы, 2021-жылы 160 келишим болсо, 2023-жылы анын саны 280ге чейин көбөйдү.

Связанный пост