Коом

Бишкек ЖЭБде учурда 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштөөдө

8-февралга карата Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жалпы активдүү кубаттуулугу 300 МВт, 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы штаттык режимде иштөөлдо. Бардык арыздар тез арада каралып жатат. Учурда бардык абоненттер жылытуу жана ысык суу системасына кошулган.Читать далее

Медицина

Кыргызстанда Мульти-диагностикалык комплекс иштей баштагандан бери 201 миң кичи операциялар

Кыргызстанда Мульти-диагностикалык комплекс ишин баштагандан бери алыскы аймактын тургундарына 201 миң 785 кичи операциялар жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу, жетүүгө кыйын аймактарында калкка медициналык жардамды мобилдүү мульти-диагностикалык комплекс көрсөтүп, тейлеп келет. Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) тарабынан каржыланган “Нормека” мобилдик клиникасы бардык адистер менен толук камсыз болуп, 8 фурадан турат. […]Читать далее

Президент

КР Токой кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 28-декабрында кабыл алынган. Мыйзамда каралган өзгөртүүлөр токойлорду кыйла натыйжалуу мамлекеттик башкарууга, туруктуу башкаруунун, токойлорду контролдоонун жана коргоонун заманбап жана прогрессивдүү механизмдерин киргизүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Атап айтканда, кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүү […]Читать далее

Аймак

Нарын облусунда 2023-жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-февралда Нарын облустук коллегиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү. Отурумда облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2023-жыл ичиндеги жыйынтыгы чыгарылып, 2024-жылга милдеттер белгиленди. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Коллегиянын отурумуна КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, КР Президенттик […]Читать далее

Өкмөт

Акылбек Жапаров Ош облусунун экономикасын өнүктүрүүнү активдештирүүнү тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты. Коллегиялык жыйында Минкаб башчысы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи. “Бизде эң негизги инвестиция билимге, келечек муунга болушу керек. Биздин эң чоң байлыгыбыз-элибиз. Мектептерди  жаңылап, мугалимдердин айлыгын көтөрөлү деп […]Читать далее

Экономика

Rotschild and Co компаниясы Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр  Аменгелдиев «Rotschild and Co» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Ариэль де Малар де Ротшильд менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө министр Rothschild & Co компаниясынын каржы тармагындагы жана жеке капиталды башкаруудагы чоң тажрыйбасын белгиледи. Буга байланыштуу ал инвестициялык климатты жакшыртуу жана эл аралык рейтингдерде өлкөнүн позициясын жакшыртуу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү […]Читать далее

Коом

Бишкекте бардык аялдамалар бир типте болот

“Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасы жаңы аялдама комплекстеринин долбоорлорун бекитти. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мындан ары борбордогу бардык аялдамалар бир типте болот. Буга чейин аялдамаларды реконструкциялоо долбоору пилоттук режимде ишке киргизилген. Борбор калаанын тургундары жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн аялдамалар кышында жылытуу, ысык мезгилде кондиционер системасы менен камсыздалган. Ошондой эле аялдамаларда коомдук транспорт каттамдары көрсөтүлгөн стенд болот. […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров өлкөдөгү сөз эркиндиги жана адам укуктарынын сакталышы боюнча

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде өлкөдөгү сөз эркиндиги жана адам укуктарынын сакталышы боюнча пикирин билдирди. — Саламатсызбы? — Саламатчылык! — Камалган 11 журналист-блогердин жакындары, эл аралык коомдук уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги жок калды деген пикирлерин билдиришүүдө. Өлкөдө сөз эркиндиги боюнча абал чын эле ушундайбы? — Кыргызстанда сөз эркиндигин чектей албайсың. Ага эл […]Читать далее

Президент

КРСУнун Бишкектеги ишинин шарттары жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Бишкек шаарындагы ишинин шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 31-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган […]Читать далее

Аймак

Баткенде 30 аял грант алып, ишкердигин баштады

Чек арада жайгашкан Баткен районунун Актатыр, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Сай айыл аймактарындагы 30 аял, атайын окутуулардан өтүп, өз ишкердигин баштады. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. 14 аял тигүүчүлүк боюнча, 1 аял- мототакси кызматын уюштуруу, 2 аял- малина өстүрүү, 2 аял- азык-түлүк дүкөнүн ачуу, 8 аял- кондитердик азыктарды даярдоо, […]Читать далее