“Социалдык контракт” долбоорунун алкагында 2024-жылы 23 миң жумушчу орун түзүлөт

 “Социалдык контракт” долбоорунун алкагында 2024-жылы 23 миң жумушчу орун түзүлөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров тарабынан жыл сайын 250 миңге чейин жумуш орундарын түзүү милдети коюлган.

 

Тапшырманы ишке ашыруунун алкагында эмгек акынын деңгээли көтөрүлүүдө, квалификациялуу адистерге жана жумушчу күчүнө муктаж болгон тигүү тармагы, курулуш, туризм жана экономиканын башка багыттары активдүү өнүгүүдө.

 

Ушуга байланыштуу Эмгек министрлиги тарабынан жумушсуз жаштарды, аялдарды, жакыр жана аз камсыз болгон жарандарды иш менен камсыз кылуунун жана ишке орноштуруунун жаңы активдүү чаралары киргизилүүдө, кесиптик окутуу, кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилүүдө.

Бүгүнкү күндө Министрлик 127 кесип боюнча билим алууга, кайра окутууга жана квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Жаштардын иш менен камсыз болуусунун жаңы чарасы – жаштарды түздөн-түз өндүрүштө окутууну жана тажрыйба топтоону караган жаштар стажировкасы пилоттук түрдө ишке ашырылып жатат.

 

Чакан бизнести өнүктүрүүгө “социалдык контракт” программасы көмөктөшөт, анын алкагында 2024-жылы 23 миң жумушчу орун түзүлөт.

Социалдык контракттын катышуучуларынын ишкердик демилгелери мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Эмгек министрлиги Министрлер Кабинети мекендештерди мекенине жумушка орноштуруу боюнча бардык зарыл чараларды көрүп жатканын баса белгиледи.

 

Эмгек министрлиги учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүргөн мекендештерди жумушка орноштуруу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жаткандыгын белгилейт.

Связанный пост