КР Баткен облусу менен ТР Согди облусунун чек ара өкүлчүлүктөрү билдирүү жасады

 КР Баткен облусу менен ТР Согди облусунун чек ара өкүлчүлүктөрү билдирүү жасады

2024-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Баткен облусу боюнча жана Тажикстан Республикасынын Согди облусу боюнча күч жана укук коргоо түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун жана Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Джаббар-Расул районунун жетекчилеринин жолугушуусу өттү.

Жолугушуу учурунда тараптар талкуулашты:

▶️тараптардын жарандары жана чек ара кезмети ортосунда чыккан чыр-чатактын жалпы себептери;

-▶️чек арага канатташ жашаган мал жайып жүргөн тургундардардын жүрүм-туруму;

▶️кыргыз -тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде мүмкүн болуучу чек ара чыр-чатактарын болтурбоо маселелерин чечүү.

 

Тараптар жумушту жергиликтүү бийлик органдарынын деңгээлинде уюштурууну (эки республиканын чек арага канатташ райондорунун акимдери ортосунда), багыттар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, эки мамлекеттин чек арага канатташ райондорунун калкы ортосунда жакшы коңшулук жана туугандык мамилени кармануу боюнча коюлган тапшырмаларды жүзөгө ашырууну макулдашышты.

Связанный пост