Укук тартиби

Ысык-Көл өнүктүрүү фондун директорунун орун басары жана бөлүм башчысы кармалды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директорунун орун басары К.Р.А. жана бөлүм башчысы У.Т.У. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалматка ылайык, УКМК Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышын текшерүү боюнча өлкө жетекчилигинин тапшырмасын аткаруу үчүн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясын текшерип жатат. Натыйжада, аталган мекемеде акча каражаттарын негизсиз […]Читать далее

Коом

Кыргызстан менен Корея бодо малды генетикалык жактан жакшыртуу долбоорун ишке

МинКаб төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, Кыргызстанда бодо малды генетикалык жактан жакшыртуу жана жасалма уруктандыруунун потенциалын жогорулатуу боюнча долбоордун жүрүшүн жана келечегин, ошондой эле ветеринардык дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууну талкуулады. Жолугушууда долбоордун олуттуу жылышы жана анын […]Читать далее

Экономика

Бишкекте Кыргызстандын текстиль жана тигүү өнөр жайынын маселелери талкууланды

Бишкекте “Кийим тигүү тармагы: күчтөрдү бириктирүү жана тигүү тармагынын көйгөйлөрүн биргелешип чечүү” деген темада тегерек стол өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси, Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргызстандын тигүүчүлөр ассоциациясынын, КР текстиль жана тигүү өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү катышты. Жыйында бир катар маселелер, атап айтканда, тигүү тармагын […]Читать далее

Аймак

Баткенде мыйзамсыз курулган 30 объект буздурулду

Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө мыйзамсыз курулуштарга текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Баткен аймактар аралык бөлүмү тарабынан КР президентинин жарлыгынын негизинде ишке ашырылган. Жыйынтыгында Кызыл-Кыя шаарында 3 обьект, Үч-Коргон айыл аймагында 27 […]Читать далее

Өкмөт

Бакыт Төрөбаев: Климаттын өзгөрүүсүнө карата узак мөөнөттү бирдиктүү система менен

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Анда Минкаб башчысынын орун басары өлкөнүн уникалдуу экологиялык тутумун сактоо, жарандарынын жашоо-турмушунун жагымдуу чөйрөсүн түзүү, айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын, анын ичинде биоресурстарды, жер казынасын, суу ресурстарын, экологияны жана климатты коргоону камсыз кылуу, ошондой эле экологиялык, өнөр-жайлык коопсуздуктун талаптарынын […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

БШК Жогорку Кенештин эки депутатын мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатынан ажыратты. Тиешелүү чечим БШК мүчөлөрүнүн мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү боюнча арызынын негизинде кабыл алынды. Ошентип, Баткен жана Кара-Суу райондорунун бир мандаттуу округдарында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.Читать далее

Өкмөт

Акылбек Жапаров геодезия жана картография тармагынын кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун тексти: “Урматтуу жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография системасынын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерди Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин төрагасы күзүндө иш сапары менен Японияга барат

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек шакиев 2024-жылы күз айларында иш сапары менен Японияга барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, төраганын иш сапарын уюштуруу маселеси Кыргызстандын элчиси Эркинбек Осоевдин Япониянын тышкы иштер министринин орун басары-мамлекеттик министри Киото Тцужи жана Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик вице-министри Ёширо Фукузава менен расмий жолугушуусунда талкууланды.Читать далее

Саясат

Кыргызстан менен Япония бир нече багытта кызматташууну бекемдөөнү макулдашты

2024-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси Э.Осоевдун Япониянын тышкы иштер министринин орун басары-мамлекеттик министри Киото Тцужи жана Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик вице-министри Ёширо Фукузава менен расмий жолугушууларды өткөрдү. Кеңири баарлашуунун жана пикир алмашуунун жүрүшүндө тараптар саясий, экономикалык, парламенттер аралык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча жигердүү аракеттерди көрүүгө даяр экендиктерин ырасташты. Элчи Э.Осоев […]Читать далее

Укук тартиби

Массалык баш аламандыкка чакырган кыргызстандык Москвада кармалды

Социалдык тармактар аркылуу массалык баш аламандыкка чакырган, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, интернет-ресурстарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгилүү бир соцтармактын колдонуучусу коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган видеоматериалдарды таратып жатканы аныкталган. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө аталган социалдык тармактардын колдонуучусу М.Б. болуп чыккан. Видеоматериалдардын негизингде тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында бул […]Читать далее