Укук тартиби

ИИМ: “Коррупция” беренеси боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө 35 кыймылсыз мүлк камакка

“Коррупция” беренеси боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө 35 кыймылсыз мүлк камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн жетекчилери өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, жеке жактарга жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган. Башында Тунгуч кичи районуна жакын жайгашкан 323-контурдагы жер тилкелер жеке […]Читать далее

Экономика

Былтыр Кыргызстанда мыйзамсыз жүгүртүүдөн дээрлик 140 миң бөтөлкө алкоголь тартып

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2023-жылы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 138 миң 652 бөтөлкө алкоголь тартып алды. Ведомстводон билдиришкендей, алкоголдук продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүгө болгон көзөмөлдү күчөтүүнүн натыйжасында мамлекеттик бюджетке 3 млрд 741 млн сомдон ашык каражат түштү. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 84%га көп. Мындан тышкары, 2023-жылдын 1-январынан тартып пиво продукциясына акциздик марка киргизүүнүн эсебинен акциз салыгынынан […]Читать далее

Кырсык

Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды

16-18-февраль аралыгында жааган калың кардан улам Каракол – Эңилчек унаа жолунун 82-112-чакырымдарына кар көчкү түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу Ак-Суу районунун акиминин тескемесинин негизинде Каракол – Эңилчек автоунаа жолу 20-февралга чейин убактылуу жабылды. “Учурда катуу бороон болуп, көрүү аралыгы начар болгондугуна байланыштуу кар көчкүлөрдү тазалоо иштери убактылуу токтотулду. Кошумча маалымат берилет”, – деп […]Читать далее

Президент

КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 27-декабрында кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзам кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштырууга багытталган, алдын алуу чарасын кошумча тандоо, заманбап санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн киргизүү жана пайдалануу укугун карайт, атап айтканда: – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине электрондук жана башка […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны азаюуда

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандардын саны азаюуда. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 7-жумасында (12.02-18.02.24) республика боюнча сасык тумоонун жана курч респиратордук вирустук инфекциянын 6746 учуру катталып, өткөн жумага салыштырмалуу ооругандардын – 6,5%га азаюусу байкалууда. Бардык оорулардын 65,7%ы 14 жашка чейинки балдар.Читать далее

Коом

Кыргызстанда бир жумада коронавирустун 3 учуру катталды

Кыргызстанда бир жумада коронавирус инфекциясынын 3 учуру катталды. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, Ош шаарында 1 жана Чүй облусунда 2 учур аныкталган. Учурда коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу деп бааланууда.Читать далее

Укук тартиби

Сокулуктагы “Аполлон” мейманканасында сойкукана аныкталды

Сокулук районунда интимдик кызмат көрсөткөн сойкукананын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Сокулук районунун ИИБ менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (“Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү”) туралуу каралган кылмыш белгилери боюнча 2024-жылдын 18-февралында Сокулук районунда жайгашкан “Аполлон” мейманканасында интимдик кызмат көрөсөткөн 15.06.1983-ж.т. К.Д.Э. […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

ЖК Төрагасы Нурланбек Шакиев март айында Улуу Британияга барат

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууга Жогорку Кеңештин Улуу Британия Бириккен Падышалыгы жана Түндүк Ирландия, Ирландия менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Жанарбек Акаев да катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын өз […]Читать далее

Укук тартиби

Аскер кызматкеринин мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүсү тастыкталды: аскер бөлүгүнүн командирлери

Каракол шаарындагы 2028 аскер бөлүгүнүн жооптуу кызмат адамдары камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, КР Аскер прокуратурасы тарабынан кенже сержант Ж.Асанакунованын 2028 аскер бөлүгүндөгү жооптуу кызмат адамдарынын бир топ мыйзамсыз аракеттери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган видео кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө Ж.Асанакунованын кайрылуусундагы 5 дооматы боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Аталган […]Читать далее

Укук тартиби

Айыл чарба министрлигинде дээрлик жарым млрд сомдук финансылык бузуулар аныкталды

Айыл чарба министрлигинде, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө финансылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти. 16-февралда Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында, 2021-2022-жылдар аралыгына карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчет каралды. Аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы 472 млн 357,2 миң сомдук финансылык тартип бузуулар жана кемчилдиктер аныкталды: каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кем чыгуулар – 60 […]Читать далее