«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун ишке ашырууну каржылоонун көлөмү 17 млрд сомду түздү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлиги маалымдады. «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорунун алкагында «Айыл Банк» ААК жана «РСК Банк» ААКсы Финансы системасынын ресурстарын мобилизациялоо боюнча чараларды стимулдаштыруу, агрардык секторго колдоо көрсөтүү, КР Президентинин “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын […]Читать далее
Бишкекте прокурордук актынын негизинде мамлекетке 150 млн сом акча каражаты өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда прокуратура органдары тарабынан мамлекетке келтирилген зыянды кайтарууга багытталган прокурордук иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Жогорку сотко караштуу Сот департаментине келтирилген прокурордук актынын негизинде, 2012-2019-жылдар аралыгында мамлекетке төлөөдөн баш тартып келген “А” ЖЧКсынын жетекчиси […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) болгон штаттык эмес кырдаалдын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ЖЭБде болгон штаттык эмес кырдаалга байланыштуу аткарылып жаткан иштер боюнча баяндамалары угулду. Бакыт Төрөбаев белгилегендей, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, көз карандысыз […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Араван районунун Керме Тоо айылындагы мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Минкаб башчысы Араван районундагы 56 мектептин ичинен буга чейин 6сы авариялык абалда болсо, экөө былтыр жаңыланып, үчүнчүсү бүгүн жаркырата жасалып бүтүп жатканын белгиледи. “Мамлекет тынч болсо, бекем ынтымакта болсок, көп өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр […]Читать далее
Жалал-Абад электр тармактар ишканасы 2024-жылдын май айына чейин 13 947 даана “акылдуу эсептегич” орнотуу пландалган. Учурда Жалал-Абад ЭТИ тарабынан эсептегичтерди орнотуу иштери жүрүп жатат. “Акылдуу эсептегич” калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо менен бирге керектөөчүлөр үчүн да бир топ ыңгайлуулук жаратат. Алсак, ашыкча электр жабдууларын жүктөөдөн коргоого жардам берип, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну эскертип турат. […]Читать далее
2023-жылы “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик программасын ишке ашырууга жана “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКтын толук кандуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу максатында бюджеттен 4 млрд 260,8 млн сом бөлүнгөн. Финансы министрлигинен билдиришкендей, каражаттар төмөнкүлөргө багытталган: – Германиянын KfW өнүктүрүү банкына мамлекеттик карызды конверсия аркылуу биринчи транш менен 500,0 млн сом; – Германиянын KfW өнүктүрүү банкына мамлекеттик карызды конверсия […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү кабарлайт. Алгач төрага жаңы имаратка жайгашкан комиссия үчүн түзүлгөн шартты көрүп чыгып, андан соң жамааты менен жолугушту. Жолугушууда Шакиев тил улуттун башкы байлыгы экенин белгиледи. “Тил жоголсо улут […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 8-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” КР Мыйзамына кол койду. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 27-декабрында кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзам 2023-жылдын 8-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган […]Читать далее
Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаал тууралуу маалымат угулду. Жыйында баяндама жасаган энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев аталган жагдай боюнча ыкчам маалымат берди. Анын айтымында, 2-февралда, таңкы саат 02:59да Бишкек шаарынын ЖЭБдеги катталган авариялык абалдан улам […]Читать далее
Бүгүн Кыргызстан менен Түркмөнстандын президенттери Садыр Жапаров жана Сердар Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Өлкө лидерлери Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы байланыштардын өнүгүшүнө канааттангандыгын билдирип, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы кызматташтык ийгиликтүү улантыларына ишенимин билдиришти. Садыр Жапаров түркмөн тарапка Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын айтып, Кыргызстан боордош […]Читать далее