Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды

 Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды

16-18-февраль аралыгында жааган калың кардан улам Каракол – Эңилчек унаа жолунун 82-112-чакырымдарына кар көчкү түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу Ак-Суу районунун акиминин тескемесинин негизинде Каракол – Эңилчек автоунаа жолу 20-февралга чейин убактылуу жабылды.

“Учурда катуу бороон болуп, көрүү аралыгы начар болгондугуна байланыштуу кар көчкүлөрдү тазалоо иштери убактылуу токтотулду. Кошумча маалымат берилет”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост