Былтыр Кыргызстанда мыйзамсыз жүгүртүүдөн дээрлик 140 миң бөтөлкө алкоголь тартып алынган

 Былтыр Кыргызстанда мыйзамсыз жүгүртүүдөн дээрлик 140 миң бөтөлкө алкоголь тартып алынган

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2023-жылы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 138 миң 652 бөтөлкө алкоголь тартып алды.

Ведомстводон билдиришкендей, алкоголдук продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүгө болгон көзөмөлдү күчөтүүнүн натыйжасында мамлекеттик бюджетке 3 млрд 741 млн сомдон ашык каражат түштү. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 84%га көп.

Мындан тышкары, 2023-жылдын 1-январынан тартып пиво продукциясына акциздик марка киргизүүнүн эсебинен акциз салыгынынан түшүүлөр 1 млрд 64 млн сомго көбөйдү, бул 2022-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 114% га көп.

Эскерте кетсек, акциздик маркалары жок же жасалма акциздик маркалары бар алкоголдук продукцияларды жүгүртүү үчүн 65 миң сом айып пул, ал эми 500дөн ашык продукцияны жүгүртүү үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы ишкерлерди акциздик продукцияны акциздик маркасыз сатпоого жана акциздик марканын аныктыгын жана продукцияга шайкештигин кылдат текшерип турууга чакырат.

Связанный пост