10-августта Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Германиянын Тышкы иштер министрлигинин “Түштүк Кавказ жана Борбор Азия” бөлүмүнүн жаңы жетекчиси Матиас Фоллерт мырза менен жолугушуусу болду. Жолугушуу убагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, өз ара визиттерди уюштуруу жана биргелешкен иш чараларды өткөрүү талкууланды. Элчи Өмүрбек Текебаев БУУнун алкагында Кыргызстандын демилгелери тууралуу, атап айтканда “2022-жылды Эл аралык тоолорду […]Читать далее
Екатеринбургда кыргызстандык аял 300 миң рублга баласын сатууга аракет кылган. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, КРнын Екатеринбургдагы башкы консулдугунун кызматкерлери РФнын Свердлов облусу боюнча Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү менен жолугуу өткөрдү. Тергөөчү билдиргендей, кармалган А.Н. Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат. Учурда А.Н. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат жана бала Екатеринбургдагы […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет. Мыйзам 2022-жылдын 30-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты – баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуунун бирдиктүү мыйзамдык базасын түзүү, баалуу металлдар менен операцияларды мамлекеттик жөнгө салуу жана […]Читать далее
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча алтын медалдын ээси болду. Айсулуу Тыныбекова алгач эле 1/4 финалдан баштап, казакстандык спортчуну жеңген. Жарым финалда сенегалдык балбан кыз менен беттешип, 10:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган. Ал эми финалдык беттеште гвинеялык спортчу менен кез келип, 11:0 эсебинде жеңишти камсыздады. Белгилей кетсек, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына КР Кылмыш-жаза кодексине», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган. Бул Мыйзам балдарды коргоо жаатында реформаларды ишке ашыруунун алкагында кол коюлган […]Читать далее
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын эки спортчусу жарым финалга чыкты. Бул тууралуу КР Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова жана эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Эрназар Акматалиев оюндардын жарым финалына чыкты. Тыныбекова 65 кг салмакта, ал эми Акматалиев 65 кг […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 9,6 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. Муну менен бирге алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар 12,9 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа 12,6 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга баалар 5,6 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 4,9 […]Читать далее
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып бергенин “Анадолу” агенттиги билдирди. “Кыргызстан туристтик ресурстарга бай экени талашсыз. Өлкөбүздүн кол тийбеген жаратылышы, тоолуу аймактары, элдик оозеки чыгармачылыгы жана маданий мурастары туристтердин көңүлүн бурат. Кыргызстандын бай маданияты жана тарыхы өлкө боюнча саякаттоону унутулгус окуяга айлантат”, – деген элчи. Кыргызстандын элчиси туристтер үчүн негизги талаптардын […]Читать далее
8-9-августта 2008-2009-жылкы өспүрүмдөр арасында жайкы Спартакиада өттү Бул иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Октябрь райондук администрациясы тарабынан уюштурулду. Мелдеш спорттун 6 түрүн өзүнө камтып, эки күн аралыгында балдарга майрамдык маанай тартуулады. Иш-чаранын негизги максаты балдарды сергек жашоого жана дене тарбия, спорт менен машыгууга үндөө, балдар арасында достук […]Читать далее
Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тротуарларга орнотулган мыйзамсыз соода объектилерин бузуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, буга улай ишкерлерге тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, И.Раззаков көчөсүндө тротуарды кеңейтүү иштерине тоскоол болгон мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда. “Моминов көчөсүндөгү тротуарда жайгашкан мыйзамсыз соода объектилери – Нонпарель кафеси жана […]Читать далее