Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Тагаев Мураталы Абдыкарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.Читать далее
КР Каржы министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылы республикалык бюджеттен Баткен облусуна 1 116 731,8 миң сом каралат. Алар: – Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасына – 500 млн сом; – Теңдөөчү трансферт – 328 млн сом; – ОЖӨБдүн электр энергиясына – 16 млн сом; – Жабыркаган ишкерлерге зыян тарткан үчүн бир жолку компенсацияга – […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен бирге жер мунапысына туш келген объекттер боюнча комиссиянын ишин улантууда. Свердлов районунун комиссиясы тарабынан 70 материал каралып, алардын ичинен 37 арыз боюнча оң чечим кабыл алынган, 3 материал кошумча кароо үчүн тиешелүү кызматтарга жөнөтүлгөн, 30 материал шаар куруу […]Читать далее
“Digital CASA-КР” долбоорунун алкагында байланыштын була-оптикалык линияларынын курулушу башталды
Бүгүн, 2023-жылдын 31-мартында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылында була-оптикалык байланыш линияларынын курулушу расмий түрдө башталды. Бул тууралуу КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул демилге КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Digital CASA-КР” долбоорунун 1 компонентинин – “санариптик байланыштын региондук инфраструктурасын кеңейтүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Компоненттин негизги натыйжалары төмөнкүлөр болот: 30 жаңы […]Читать далее
Ош шаарындагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн Жолон Мамытов атындагы сейил бак пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Объект менен мэр Бакытбек Жетигенов таанышып, бул жайда Ак-Тилек кичи районунун тургундарынын эс алуусу үчүн зарыл шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Белгилүү акын, прозаик жана котормочу Жолон Мамытовдун жакындары, жергиликтүү тургундар бул аллеянын реконструкцияланганына ыраазычылыктарын билдиришти. Сейил […]Читать далее
КР ӨКМ пресс-борбору билдиргендей, 30-март күнү Ленин районунун Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан “Ала-Арча” соода борборунан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ӨКМдин эки өрт өчүрүүчү унаасы жана ШТАБ тартылган. Өрт саат 19:41де чектөөгө алынып, саат 20:08де толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен соода борборунун 4-кабатында 2 чарчы метр жыгач полу жана вытяжканын кыймылдаткычы күйгөн. Жабыргакандар жок. Өрттүн […]Читать далее
2023-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы аракеттенүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү “40920РА” мамлекеттик номурлуу унаа кармалган. Унааны текшерүү учурунда жүк салуучу бөлүгүнөн күрүч (Өзгөн) түрүндөгү жалпы салмагы 16 тонна контрабандалык жүк табылган. Жүктүн […]Читать далее
Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, “Ж-Э” ЖЧКсы […]Читать далее
«Газпром Кыргызстан» компаниясынын «Түштүктрансгаз» филиалы «Майлуу-Суу-4-Ош» магистралдык газ өткөргүчтүн ишенимдүү эмес бөлүгүндөгү түтүгүн пландалган алмаштыруу иштерине байланыштуу, 5-апрелден 9-апрелге чейин Жалал-Абад шаарында убактылуу жаратылыш газы өчүрүлөөрүн маалымдайт. Жумуштун мындай түрлөрү күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде Жалал-Абад шаарынын колдонуучуларын жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жана 1965-жылы курулган магистралдык газ өткөргүчтүн иштөө ресурсун калыбына келтирүү максатында өткөрүлүүдө. […]Читать далее
Минкаб Төрагасы менен КЭР СУАР Партиялык комитетинин Катчысынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий Бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуйдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. – Кытай Эл Республикасына электр энергиясын экспорттоо жөнүндөгү меморандум; – Кыргызстан-Кытай 500 […]Читать далее