Кыргызстандын жараны контрабандалык жол менен 16 тонна күрүч алып өтүүгө аракет кылган

2023-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы аракеттенүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү “40920РА” мамлекеттик номурлуу унаа кармалган.
Унааны текшерүү учурунда жүк салуучу бөлүгүнөн күрүч (Өзгөн) түрүндөгү жалпы салмагы 16 тонна контрабандалык жүк табылган. Жүктүн болжолдуу баасы 2 млн сомго жакын.
Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Связанный пост