Социалдык тармактарда биринчи айым Айгүл Жапарова акча таратып жатат деген чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык бараккчасында билдирди. Анын маалыматына караганда, маал-маалы менен биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан жасалма баракчаларды ачып, чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандар бар. “Бул баракча Айгүл Жапаровага таандык эмес. Ошондуктан мындагы маалыматка ишенип, […]Читать далее
“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы алдыдагы сугат мезгилине карата борбор калааны көрктөндүрүү иштерин күчөттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Алсак, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы шаардын Гагарин, Абдрахманов, Горький, Москва, Калинин көчөлөрүндө ирригацияларды тазалоо иштерин кызуу жүргүзүүдө. Буга чейин жашылчарбачылар Аалы Токомбаев, Айтиев, Абдрахманов-Пушкин, Жибек-Жолу, Тоголок-Молдо, Үсөнбаев көчөлөрүн жана Тынчтык проспектисин тазалашкан.Читать далее
Минкаб төрагасы энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине өз убагында даярдоону тапшырды
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусундагы “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун энергетикалык объектилери менен таанышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Токтогул ГЭСинин № 2 агрегатын реконструкциялоонун жүрүшү жана “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштоонун инфраструктурасы менен таанышты. Анда Акылбек Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСине баруучу жолдун жана тоннелдин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Мындан тышкары, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын абадан коргонуу бөлүктөрүнө пландан тышкары барып, алардын абалы менен таанышты. Ошондой эле Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын карап чыкты. 1961-жылдан бери бул жердеги имараттар менен курулуштар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Президент Садыр Жапаров казармаларды жана офицерлер үй-бүлөсү менен жашаган турак жайларды куруу жана капиталдык реконструкциялоо иштерин […]Читать далее
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Япониянын тышкы соода уюму (Japan External Trade Organization, JETRO) менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты. “Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча реалдуу практикалык кадамдар жасалууда. Жакында болуп өткөн Борбордук Азия IT-форуму географиялык масштабы […]Читать далее
Ак-Суу райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын кызмат адамдарына карата тергөөсү жүргүзүлүп жаткан кылмыш иштин алкагында дирекциянын кызмат адамы жана ЖЧК подряддык ишкананын жетекчиси кармалды. Алсак, дирекция тарабынан Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылынын суу түтүктөрүн оңдоого 9 171 555 сомго түзгөн тендер жарыяланып, тендердин жыйынтыгында дирекциянын кызмат адамы ЖЧКу менен жалпы суммасы 7 […]Читать далее
Орозо кармаган жарандарга эмдөөдөн өтүүгө болот. Себеби, эмдөөдөн орозо бузулбайт жана ооз ачылып калбайт. Бул маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын өтө оор формасына чалдыгып, орозо кармаганга дарамети жетпесе, анда ал адамга орозо кармабаганга уруксат берилет. Эгерде күндүзгү убакта адамга маал-маалы менен дары-дармек ичиши зарыл болсо, орозону токтото турууга […]Читать далее
Ыкчам өткөрүлгөн коллегияда төрт жетекчи ээлеген кызмат ордунан боштулуп, алтоо тартип жазасына кириптер болду. Бул тууралуу КР ИИМнин басма сөз кызматы билдирди. Ички иштер министрлигиндеги ыкчам өткөрүлгөн коллегия коомдук коопсуздукту камсыздоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, жүктөлгөн кызматтык милдеттерди татыктуу денгээлде так жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү жетиштүү деңгээлде аткарбагандыктары, жетекчилик курам арасында уюштуруу-башкаруучулук иштердин начардыгы жана кемчиликтери аныкталып, […]Читать далее
«Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштери жанданды. Бул туралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Быйыл 15 чакырымдан ашык темир жолун куруп бүткөрүүнү пландалууда. Курулуш иштерине 20 атайын техника жана 30 жумушчу тартылган. Былтыр 5 чакырым темир жолу курулуп бүткөрүлгөн.Читать далее
25-мартта 10 предмет боюнча мектеп окуучуларынын олимпиадасынын республикалык этабы жыйынтыкталып, 19 окуучу биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу КР Билим жана илим министрлигинен билдиришти. Жалпысынан олимпиаданын республикалык этабына 325 окуучу катышып, финалга 56 окуучу чыккан. Анын ичинен I орунду – 19, II орунду – 17, III орунду – 20 окуучу алды. Олимпиаданын жабылуу аземине билим берүү […]Читать далее