Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун кызмат адамы кармалды

 Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун кызмат адамы кармалды
Ак-Суу райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын кызмат адамдарына карата тергөөсү жүргүзүлүп жаткан кылмыш иштин алкагында дирекциянын кызмат адамы жана ЖЧК подряддык ишкананын жетекчиси кармалды.
Алсак, дирекция тарабынан Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылынын суу түтүктөрүн оңдоого 9 171 555 сомго түзгөн тендер жарыяланып, тендердин жыйынтыгында дирекциянын кызмат адамы ЖЧКу менен жалпы суммасы 7 млн 67 миң 126 сомго келишим түзүлгөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө дирекциянын кызмат адамдары менен подряддык уюмдун жетекчиси кылмыштуу макулдашууга барып, аткарылган иштердин актысы жок жалпы суммасы 7 млн сомдук бюджеттик акча каражатын мыйзамсыз которгондугу аныкталган.
Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондун башкаруу Дирекциясынын суу түтүктөрүн оңдоо иштерин өлчөө боюнча комиссиясынын актысына ылайык, дирекциянын кызмат адамы ЖЧКу тарабынан аткарылган жумуштардын көлөмү 3 млн 206 миң 97 сомду түзгөн.
Аталган адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жалпы суммасы 3 млн 793 миң 903 сом зыян келтирилген.

Связанный пост