Президент абадан коргонуу бөлүктөрүнө пландан тышкары барды

 Президент абадан коргонуу бөлүктөрүнө пландан тышкары барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын абадан коргонуу бөлүктөрүнө пландан тышкары барып, алардын абалы менен таанышты.

Ошондой эле Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын карап чыкты.

1961-жылдан бери бул жердеги имараттар менен курулуштар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.

Президент Садыр Жапаров казармаларды жана офицерлер үй-бүлөсү менен жашаган турак жайларды куруу жана капиталдык реконструкциялоо иштерин үч айдын ичинде бүткөрүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн башка шарттарын да жакшыртуу тапшырылды.

Связанный пост