Эмдөөдөн орозо бузулбайт

 Эмдөөдөн орозо бузулбайт

Орозо кармаган жарандарга эмдөөдөн өтүүгө болот. Себеби, эмдөөдөн орозо бузулбайт жана ооз ачылып калбайт. Бул маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын өтө оор формасына чалдыгып, орозо кармаганга дарамети жетпесе, анда ал адамга орозо кармабаганга уруксат берилет.  Эгерде күндүзгү убакта адамга маал-маалы менен дары-дармек ичиши зарыл болсо, орозону токтото турууга мүмкүн. Бейтап оорудан толук айыккандан кийин орозону кармашы керек.

Ошондой эле Дин башкармалыгы адам кандай гана абалда болбосун, сөзсүз дарылап жаткан дарыгери менен кеңешүүсү зарыл экенин белгиледи.

Связанный пост