Минкаб төрагасы: Бардык инвесторлор үчүн эшигибиз ачык

 Минкаб төрагасы: Бардык инвесторлор үчүн эшигибиз ачык

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Япониянын тышкы соода уюму (Japan External Trade Organization, JETRO)  менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты.

“Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча реалдуу практикалык кадамдар жасалууда. Жакында болуп өткөн Борбордук Азия IT-форуму географиялык масштабы жагынан, жетишкендиктердин мааниси жана IT-тармагындагы кызматташуу үчүн көтөрүлгөн темалар боюнча дагы маанилүү болуп калды. Биздин эшигибиз ички жана тышкы инвесторлор үчүн ачык”, – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Өз кезегинде “JETRO” компаниясынын департаментинин директору Томохиро Цутия белгилегендей, 2022-жылдын 28-30-ноябрында Японияга болгон жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен болгон жолугушуудан кийин, Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү япон компанияларына сунушталган.

“Япон компанияларынын Кыргыз Республикасына болгон кызыгуусу өсүүдө. Эми бул кызыкчылыкты эки тарапты тең кызыктырган конкреттүү сунуштар менен толтуруу керек”, – деп жыйынтыктады Томохиро Цутия.

Связанный пост