Images

Маданият

Президент актер Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна акча которду

Президент Садыр Жапаров КР эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна каражат бөлдү. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди. “Ыкчам жооп бергениңиз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Бир нече саат мурун мен сизге КРнын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевди куткарып калуу өтүнүчү менен кайрылсам, бир сааттан кийин сиздин атыңыздан ооруканага 42 миң доллар жөнөтүлдү. Бүткүл […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров Лаостун президентин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын президенти Тхонглун Сисулитти Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. «Сизди жана лаос элин Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Достукка жана кызматташтыкка негизделген Кыргызстан менен Лаостун ортосундагы мамилелер биргелешкен аракеттерибиз менен эки өлкөнүн элдеринин […]Читать далее

Маданият

Рысбай Исаковдун Гиннестин рекорддор китебине катталгандыгын тастыктаган сертификатын Улуттук тарых

Бүгүн, 2- декабрда КР эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаковдун дүйнөлүк Гиннестин рекорддор китебине катталгандыгы тууралуу күбөлүгүн Улуттук тарых музейинде расмий тапшыруу аземи өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов манасчы Рысбай Исаковду жараткан ийгилиги менен куттуктап, манасчыга бекем ден-соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, министр Улуттук “Манас” театры ачылгандан бери […]Читать далее

Саясат

Асель Чынбаева ГАВИ өлкөлөрүнүн улук башкаруучусу Смита Сингх менен жолугушту

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева менен Эмдөө жана иммунизация боюнча глобалдык альянстын (ГАВИ) өлкөлөрүнүн Улук башкаруучусу Смита Сингх менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө башкаруу процесстерин өркүндөтүү жана өлкөдө пландуу эмдөө программасын координациялоо маселеси талкууланды. Кыргызстанда “Иммунопрофилактика” программасын жаңыртуу, калкты профилактикалык эмдөөлөр менен камтууга жана жаңы вакциналарды ийгиликтүү киргизүүгө жетишүүдөгү мүмкүн болуучу кыйынчылыктарды жана […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров БАЭ президентин мамлекеттин жарыяланган күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды улуттук майрамы — Мамлекеттин жарыяланган күнү менен куттуктады. «Сизди жана Бириккен Араб Эмираттарынын элин Бириккен Араб Эмираттарынын Мамлекетинин жарыяланган күнү менен Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм. Эки өлкөнүн ортосундагы өз ара урматтоого негизделген достук мамилелер эки элдин […]Читать далее

Саясат

Эдил Байсалов эл аралык майыптар күнүнө арналган форумга катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эл аралык майыптар күнүнө арналган «Менин колумдан келет» форумуна катышты. Форумдун ишин ачууда Эдил Байсалов Кыргызстан – социалдык саясат өзгөчө орунду ээлеген мамлекет, ал эми кыргыз эли оор кырдаалга туш болгон адамдарга, өзгөчө майыптыгы бар адамдарга боор тартып, көмөгүн аябаган эл экендигин белгиледи. «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга болгон мамиле […]Читать далее

Маданият

Астанада Манастын эстелиги орнотулат

Президент Садыр Жапаров маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовду кабыл алды. Министрликтин учурдагы ишмердүүлүгү жана эл аралык маданий-гуманитардык кызматташуулары боюнча маселелери талкууланды. Алтынбек Максүтов Мамлекет башчысына Айкөл Манастын эстелигин Астана шаарында (Казакстан Республикасы) орнотуу боюнча уюштуруу иш-чараларынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип, эстеликтин эскизинин долбоорун сунуштады. Эстеликти орнотуу боюнча тиешелүү макулдашуу Кыргыз Республикасы […]Читать далее

Билим

ЖОЖдорго кабыл алуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 “Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы №665 токтому чыкты. Токтомго ылайык, КРдин ЖОЖдоруна кабыл алуу тартибине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: – Абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө […]Читать далее

Дүйнөдө

Султан Раев Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолукту

ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолукту. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун басма сөз кызматы билдирет. Жолугушууда Түркмөнстан менен эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун маданий-гуманитардык байланышын күчөтүү, маданий алаканы активдештирүү, маданий багыттагы долбоорлорду жандандыруу маселелеринин алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөн. “Президент Сердар Бердымухамедов Түркмөнстан түрк дүйнөсүнүн маданий интеграциялык процессине активдүү […]Читать далее

Спорт

Президенттин катышуусунда футзал боюнча «Мурас» турнири өтөт

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган «Мурас» достук турнири үстүбүздөгү жылдын 14-15-декабрында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти. Футзал боюнча мелдеш Арча-Бешик конушундагы «Газпром» спорт комплексинде жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, жалпы 16 команда катышат. Турнирдин жобосуна ылайык, командалар төрт тайпага төрт командадан бөлүнөт. Алар тайпалык баскычта бир тур ойноп, […]Читать далее