Астанада Манастын эстелиги орнотулат

 Астанада Манастын эстелиги орнотулат

Президент Садыр Жапаров маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовду кабыл алды.

Министрликтин учурдагы ишмердүүлүгү жана эл аралык маданий-гуманитардык кызматташуулары боюнча маселелери талкууланды.

Алтынбек Максүтов Мамлекет башчысына Айкөл Манастын эстелигин Астана шаарында (Казакстан Республикасы) орнотуу боюнча уюштуруу иш-чараларынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип, эстеликтин эскизинин долбоорун сунуштады.

Эстеликти орнотуу боюнча тиешелүү макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы 2020-2023-жылдарга кызматташтык боюнча Координациялык планынын алкагында жетишилген.

Кыргызстанда жашаган скульпторлордун жана сүрөтчүлөрдүн арасында эстеликтин эң мыкты эскизи үчүн сынак өткөрүлгөн. Сынактын жеңүүчүсү скульптор Үрүстөмбек Пазылов, архитектору Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Улан Бейшенбаев болду.

Учурда эстеликтин көркөм-эксперттик комиссия тарабынан бекитилген жумушчу макети даярдалды.

Постаментти граниттен жасоо пландалууда. Скульптура өзү колодон жасалат.

Астана шаарынын акимиаты тарабынан бөлүнгөн жер боюнча чечим кабыл алынгандан кийин, эстеликтин тургузула турган жерине ылайыкташуусу үчүн азын-оолак оңдоолор киргизилиши мүмкүн.

Эстелик Астананын көрүнүктүү, эл көп жайгашкан жерине орнотулуусу пландалып, анда шаардыктар жана борбордун коноктору кыргыз архитекторлорунун эмгеги менен таанышууга мүмкүнчулүк алат.

Президент Садыр Жапаров Айкөл Манастын образы жана духу эстеликте чагылдырылышы үчүн алдыда аткарыла турган иштерди жогорку деңгээлде камсыз кылууну тапшырды.

Связанный пост