Images

Саясат

Нурланбек Шакиев Москва шаарындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды. Төрага Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди. Эскерте кетсек, бүгүн Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындары өтөт. Жыйынга катышуу үчүн […]Читать далее

Саясат

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү 3 күнгө жабылат

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрү 8-9-10-декабрь күндөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чектөөлөр Бишкекте өтчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынына байланыштуу киргизилип жатат. Чүй облусунда жана Бишкек шаарында чектөөлөр киргизиле турчу көчөлөр: – Манас аэропортунан баштап, Фучик көчөсү […]Читать далее

Коом

Район акимдери мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүштү

Райондун акимдери мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, эл аралык майыптар күнүндө төрт райондун жетекчилиги үй-бүлөлөргө барып, белектерин тапшырып, материалдык жардам көрсөтүштү. Белгилей кетсек, шаардык социалдык өнүктүрүү тармагында 11500 миңден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар каттоодо турат, анын ичинде: – Советтик Армиянын 100 инвалидине; – […]Читать далее

Саясат

Таалатбек Масадыков Евробиримдиктин Афганистан боюнча атайын өкүлү менен жолукту

Президенттин атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Европа Биримдигинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон жана Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йосефсон менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Европа делегациясы менен болгон жолугушууга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Абдуразаков дагы катышты. Тараптар Афганистанда болуп жаткан кырдаалды жана афган […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлевду кабыл

Президент Садыр Жапаров бүгүн 5-декабрда, Эл аралык бокс ассоциациясынын Президенти Умар Кремлевду кабыл алды. Кыргызстанда боксту өнүктүрүүнүн жана өлкөдө эл аралык иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Эл аралык бокс ассоциациясынын Президенти менен учурашып, анын иш сапары Кыргызстандагы бокстун өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишеним билдирди. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда мамлекеттик […]Читать далее

Коом

Жети-Өгүз районунун Тосор айылында шире чыгаруучу ишкана ачылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында шире чыгаруучу ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, KOICA Kyrgyzstan Office Эл аралык кызматташуу агенттигинин KOICA’s Organic Project in Kyrgyz Republic долбоорунун Тосор айылындагы Tosor Organic кооперативинин биофермерлери үчүн кайра иштетүү, шире чыгаруу, муздаткыч кампанын расмий ачылыш аземи болду. Аземге КР президентинин Ысык-Көл облусундагы […]Читать далее

Экономика

11 айда 185,8 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды

2022-жылдын январь-ноябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы 185 млрд 848,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 55,8 млрд сомго көп. Анын ичинде 140 млрд 685 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 569,2 млн сомго ашыгы менен жыйналды. 2021-жылдын ушул мезгилине […]Читать далее

Саясат

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация ЖККУ ПАнын жыйындарына катышат

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн Россия Федерациясынын баш калаасы Москва шаарына жөнөп кетти. Сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев Ассамблеянын Кеңешинин биргелешкен жыйынына жана 15-пленардык отурумуна катышат. Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.Читать далее

Саясат

Владимир Путин ЕАЭБдин саммитине катышуу үчүн Бишкекке келет

Россиянын президенти Владимир Путин ушул жумада Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) саммитине катышуу үчүн Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу “Россия 1” каналынын “Москва. Кремль. Путин” программасынын алып баруучусу Павел Зарубин өзүнүн Telegram каналына жазды. Белгилей кетсек, ЕАЭБ лидерлеринин жыйыны Бишкекте 9-декабрда өтөт.Читать далее

Саясат

Акылбек Жапаров араб инвесторлорунун делегациясын кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Аль Саех Групп» («Al Sayegh Group») ири корпорациялардын биринин башчысы Абдул Джаббар Аль Сайехараб жетектеген араб инвесторлорунун делегациясын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар көп тармактуу кызматташуунун, анын ичинде тоо-кен жана энергетика, айыл чарба жана банк тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, Кыргызстан өлкө экономикасына дүйнөлүк деңгээлдеги инвестициялык компанияларды […]Читать далее