Асель Чынбаева ГАВИ өлкөлөрүнүн улук башкаруучусу Смита Сингх менен жолугушту

 Асель Чынбаева ГАВИ өлкөлөрүнүн улук башкаруучусу Смита Сингх менен жолугушту

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева менен Эмдөө жана иммунизация боюнча глобалдык альянстын (ГАВИ) өлкөлөрүнүн Улук башкаруучусу Смита Сингх менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө башкаруу процесстерин өркүндөтүү жана өлкөдө пландуу эмдөө программасын координациялоо маселеси талкууланды.

Кыргызстанда “Иммунопрофилактика” программасын жаңыртуу, калкты профилактикалык эмдөөлөр менен камтууга жана жаңы вакциналарды ийгиликтүү киргизүүгө жетишүүдөгү мүмкүн болуучу кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды аныктоо бүгүнкү күндүн негизги максаттарынын бири экендиги белгиленди.

Асель Чынбаева белгилегендей, ГАВИнин техникалык колдоосу менен республика боюнча 2022-жылдын 14-ноябрында Кыргызстандын Улуттук эмдөө графигине ылайык, өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө башталган. Ал эми эмдөө башталгандан бери бүгүнкү күндө 139 миң 311 өспүрүм кыз эмдөөдөн өтүп, бул максаттуу топтун 58%ын түзөрүн белгилөө керек.

Өз кезегинде Смита Сингх Кыргызстанда жүргөн акыркы үч күндүн ичинде адамдын папиллома вирусуна каршы кыздарды эмдөөнүн жыйынтыгына ыраазы болгонун белгиледи. Ал кыргыз тарап менен мындан аркы ийгиликтүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жугуштуу оорулар менен күрөшүүдө, жаңы вакциналарды киргизүүдө жана вакцина препараттарын сактоо жана ташуу үчүн муздак чынжыр менен камсыз кылууда Кыргызстанга көрсөткөн баа жеткис жардамы үчүн ГАВИге ыраазычылык билдирди.

Связанный пост