Садыр Жапаров БАЭ президентин мамлекеттин жарыяланган күнү менен куттуктады

 Садыр Жапаров БАЭ президентин мамлекеттин жарыяланган күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды улуттук майрамы — Мамлекеттин жарыяланган күнү менен куттуктады.

«Сизди жана Бириккен Араб Эмираттарынын элин Бириккен Араб Эмираттарынын Мамлекетинин жарыяланган күнү менен Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм.

Эки өлкөнүн ортосундагы өз ара урматтоого негизделген достук мамилелер эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деп бекем ишенем.

Сизге бекем ден соолук, жоопкерчиликтүү кызматыңызга ийгиликтерди, ал эми Бириккен Араб Эмираттарынын элине бакубаттык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын катында.

Связанный пост