Images

Саясат

Сердар Бердымухамедов жана Ильхам Алиев Садыр Жапаровду туулган күнү менен

Түркмөнстан менен Азербайжандын президенттери Сердар Бердымухамедов жана Ильхам Алиев бүгүн 6-декабрда, президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосунда мындай деп айтылат: «Сиздин даанышман жана көрөгөч жетекчилигиңиз астында Кыргызстан өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштады. Республикада эбегейсиз зор кайра куруулар, социалдык-экономикалык өнүгүү ишке ашырылып жатат. Биздин өлкөлөр […]Читать далее

Коом

Калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы башталды

Бүгүн, 6-декабрда Юстиция министрлиги тарбынан калкка акысыз квалификациялуу адвокаттардан укуктук консультация берүү декадасы башталды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Адистерден сапаттуу укуктук жардам алуу иш-чарасы 13-декабрга чейин улантылат. Иш-чаранын алкагында жарандарга социалдык, үй-бүлөлүк, жер жана башка ар кандай укуктук маселелер боюнча консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлөт. Акция «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен өтүп жатат.Читать далее

Коом

«Бишкекжашылчарба» ишканасы кызматкерлерди ишке чакырат

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы декабрь айына жумушчуларды чакырат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жумушка 18 жаштан жогору эркектер чакырылат. Айлык акы күнүнө 1000 сомдон төлөнөт. Иш графиги дүйшөмбүдөн ишембиге саат 8:00дөн 16:00чейин. Ишемби күнү 8:00дөн 13:00гө чейин. Урматтуу жумуш издөөчүлөр! Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: (0500) 700-441, 37-53-30Читать далее

Маданият

Курбаналы Ниязбеков Жалал-Абад облустук филармониясынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Курбаналы Ниязбеков Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин Апас Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрында көркөм жетекчи жана Кыргыз Улуттук “Манас” театрында режиссёр-коюучу болуп эмгектенген болчу.Читать далее

Саясат

Садыр Жапаровду Шавкат Мирзиёев туулган күнү менен куттуктады

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. «Сизге туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорумду жөнөтүү мага чоң кубаныч тартуулайт. Өлкөнү өнүктүрүү жана элдин бакубаттуулугу, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн жогорулатуу жолундагы ишмердигиңиз өзгөчө баалоого татыктуу. Биздин өлкөлөр ортосундагы көп кылымдык достуктун жана бир туугандыктын духундагы […]Читать далее

Саясат

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн 6-декабрда, Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. «Заманбап Кыргызстандын саясий жана социалдык-экономикалык чөйрөлөрдөгү ийгиликтери, өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюнун өсүшү — Сиздин Мекенге болгон ак ниет кызматыңыздын, Мамлекет башчысы катары алысты көрө билген конструктивдүү саясатыңыздын натыйжасы. Сиздин демилгелериңизди жана реформаларыңызды ийгиликтүү ишке ашыруу мындан ары да кыргыз элинин туруктуу […]Читать далее

Саясат

Владимир Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. «Россия өлкөлөрүбүздүн ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү, евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди алдыга жылдыруу, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча аракеттериңизди жогору баалайт», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Россиялык лидер Россия менен Кыргызстандын дос элдеринин жыргалчылыгы […]Читать далее

Коом

Кант жана Кара-Балта шаарларына жаңы заводдор курулат

Чүй облусунун Кант жана Кара-Балта шаарларына жаңы заводдор курулат. Бул тууралуу Түркия өлкөсүнөн келген инвесторлор Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев менен жолугушуу учурунда билдиришти. Ишкерлер Кант шаарына пластик тетиктерди, асфальт чыгаруучу заводдорду жана Кара-Балта шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод курууну пландаштырышууда. Инвесторлор ар бир долбоорго 5миллиондон, 15-25миллионго чейин АКШ доллары сарпталаарын билдиришти. […]Читать далее

Саясат

9-10-декабрда Бишкекте чет элдик лидерлердин катышуусунда эл аралык иш-чаралар өтөт

Ушул жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтөт. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. «Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин башчылары учурдагы экономикалык абалды, ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери өтүп бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, Биримдиктин өнүгүү келечеги […]Читать далее

Коом

Ош шаарында ыктыярчылардын эл аралык күнү белгиленди

Бүгүн, 5-декабрда бүткүл дүйнө Экономикалык жана социалдык өнүгүү үчүн ыктыярчылардын эл аралык күнүн белгилейт. Бул датанын алкагында Ош шаарынын ыктыярчыларынын жыл бою жасаган эмгеги жана шаарга жардам көрсөтүүгө кошкон салымдары белгиленди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарындагы волонтердук кыймылга активдүү катышкан жаштардын өкүлдөрүнө ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Соңунда активист жаштар тарабынан […]Читать далее