КР ӨКМнин пресс-борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-3-апрелинде түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт: Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°. 2-3-апрелдерде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк данектүү мөмө бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет.Читать далее
КР ӨКМнин пресс-борборунда билдиргендей, 30-март күнү саат 17:00 чамасында Лейлек районунун тоо этектеринде жаап өткөн жаандын кесепетинен сел жүрүүчү сайлардан сел суулары жүргөн. Раззаков шаарындагы Жангабат участкасында жайгашкан 15-20га жакын турак үйлөрдүн короолоруна сел суулары кирген. Ош-Раззаков унаа жолунун 320-325-чакырымындагы аралыктарында жол каттамы ачык. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыр тарткандар жок.Читать далее
КР ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматы боюнча 2023-жылдын 31-мартынан 1-апрелине чейин абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.Читать далее
КР УКМК органдары тарабынан ЭТУга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзбекстандын жараны аныкталып кармалып, КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал “И.М.” ЭТУнун эмиссарларынын жардамы менен КР жаранынын жасалма паспортун алып, САРдын согуштук зонасы чыгууга аракет кылган. Аталган Өзбекстан Республикасынын жараны ЭТУ/ДЭУга тиешеси бар экендиги үчүн Өзбекстан Республикасынын аймагында издөөдө жүргөнү […]Читать далее
Ошто 43 мектеп окуучусу белгисиз затка ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Айтымында 43 баланын ичинен 18и ооруканага жаткырылды, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Калган балдар амбулатордук дарыланууга кое берилген. Учурда уулануунун себебин аныктоо үчүн анализдер дайындалды. Азыркы учурда ооруканада төрт окуучу калып, калган 14ү ооруканадан чыкканы […]Читать далее
Чүй областтык прокуратурасы тарабынан Аламүдүн районунун акиминин орун басары, жер мунапысы боюнча комиссиянын төрагасы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен шектүү катары кармалды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Алсак, райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссиясы тарабынан Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 га мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат айдоо […]Читать далее
2022-жылга Ош облусуна 944,7 млн.сом каралган. 2023-жылга 940, 6 млн.сом менен бекитилди. Бул тууралуу КР Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ош облусу боюнча 2022-жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 944,7 млн. сом акча каражаты каржыланган, алар: Теңдөөчү трансферт- 485,1 млн. сом; Ыйгарым укуктарды берүүгө- 49,3 млн. сом; Муниципалдык кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына- […]Читать далее
2022-жылы жөлөкпулдар 100%дан 200%га чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык баракчасында билдирди. Баткен облусуна өзгөчө статус берилгенине байланыштуу, чек арада жайгашкан аз камсыз үй бүлөлөрдүн балдарына 2400 сомдон берилип жатат. Аз камсыз болгон үй-бүлөгө көмөк: 2021-жылы 3 млрд 804 млн 325 миң сом 2022-жылы 4 млрд 879 […]Читать далее
КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас шаарынын мэриясынын ММБнын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жогорку билим жөнүндө жасалма дипломунун негизинде аталган кызматты ээлеп турганы аныкталды. Бул факты боюнча жогорку билими тууралуу жасалма документтерди жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп […]Читать далее
Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизди. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти жерлерди трансформациялоонун жана укук күбөлөндүрүүчү документтерин берүү иштеринин жүрүшүн тездетүүнү тапшырган. Ага ылайык, 2023-жылдын 15-мартында № 43 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссияларга көмөк жана методикалык жардам көрсөтүү боюнча […]Читать далее