Баткенде 20 турак үйлөрдүн короолорун сел каптады

 Баткенде 20 турак үйлөрдүн короолорун сел каптады
КР ӨКМнин пресс-борборунда билдиргендей, 30-март күнү саат 17:00 чамасында Лейлек районунун тоо этектеринде жаап өткөн жаандын кесепетинен сел жүрүүчү сайлардан сел суулары жүргөн. Раззаков шаарындагы Жангабат участкасында жайгашкан 15-20га жакын турак үйлөрдүн короолоруна сел суулары кирген.
Ош-Раззаков унаа жолунун 320-325-чакырымындагы аралыктарында жол каттамы ачык. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыр тарткандар жок.

Связанный пост