Чоң-Ашууда кар көчкү түшүүcү күтүлөт

 Чоң-Ашууда кар көчкү түшүүcү күтүлөт

КР ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматы боюнча 2023-жылдын 31-мартынан 1-апрелине чейин абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.

Связанный пост