ӨКМ: Кээ бир облустарда үшүк жүрүшү күтүлөт

 ӨКМ: Кээ бир облустарда үшүк жүрүшү күтүлөт
КР ӨКМнин пресс-борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-3-апрелинде түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт: Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°.
2-3-апрелдерде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк данектүү мөмө бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет.

Связанный пост