Ошто 43 мектеп окуучусу белгисиз затка ууланып, ооруканага түштү

 Ошто 43 мектеп окуучусу белгисиз затка ууланып, ооруканага түштү

Ошто 43 мектеп окуучусу белгисиз затка ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Айтымында 43 баланын ичинен 18и ооруканага жаткырылды, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Калган балдар амбулатордук дарыланууга кое берилген. Учурда уулануунун себебин аныктоо үчүн анализдер дайындалды. Азыркы учурда ооруканада төрт окуучу калып, калган 14ү ооруканадан чыкканы кошумчаланды.

Связанный пост