2022-жылга Ош облусуна 944,7 млн.сом каралган

 2022-жылга Ош облусуна 944,7 млн.сом каралган

2022-жылга Ош облусуна 944,7 млн.сом каралган. 2023-жылга 940, 6  млн.сом менен бекитилди. Бул тууралуу КР Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ош облусу боюнча 2022-жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер  катары 944,7 млн. сом акча каражаты каржыланган, алар:

  1. Теңдөөчү трансферт- 485,1 млн. сом;
  2. Ыйгарым укуктарды берүүгө- 49,3 млн. сом;
  3. Муниципалдык кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына- 246,4 млн. сом;
  4. Маданият кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына- 54,9 миң сом;
  5. Электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына- 19,6 млн. сом;
  6. Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга –51,9 млн. сом;

7.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык тартыштыгына- 36,5 млн. сомду түздү.

8.“Мыкты айыл өкмөтү” наамына- 1,0 млн. сом;

Ош облусу боюнча 2022-жылдын ичинде 52 долбоор ишке ашырылып, ага 106, 2 млн. сом акча каражаты каржыланды, анын ичинен:

  1. Мектептерге 22 долбоор- 40,0 млн сом;
  2. Саламаттыкты сактоо мекемелерине 1 долбоор- 1,5 млн. сом;
  3. Инженердик-коммуникациялык инфраструктура обьектилерине 9 долбоор- 22,6 млн. сом;
  4. Спорттук курулуштарга 9 долбоор- 18,2 млн сом;
  5. Маданий маанидеги обьектилер 2 долбоор – 3,8 млн. сом;
  6. Бала-бакчаларга 9 долбоор -20 ,1 млн. сомго акча каражаты каржыланды.

Капиталдык салымдар беренесине 2022-жылы 1 951,7 млн.сом толугу менен каржыланган.

2023-жылга республикалык бюджеттен Ош 940, 6  млн. сом бекитилип, ал райондор боюнча төмөнкүчө:

  1. Алай району- 160,9 млн сом;
  2. Чон-Алай району- 50,2 млн. сом;
  3. Араван району- 94,1 млн. сом;
  4. Кара-Суу району- 155,3 млн. сом;
  5. Ноокат району- 142,9  млн. сом;
  6. Кара-Кулжа району- 152,6 млн. сом;
  7. Өзгөн району-184, 6 млн .сом;

Связанный пост