Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

 Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти жерлерди трансформациялоонун жана укук күбөлөндүрүүчү документтерин берүү иштеринин жүрүшүн тездетүүнү тапшырган. Ага ылайык, 2023-жылдын 15-мартында № 43 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссияларга көмөк жана методикалык жардам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы” Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп иш алып барууда.

Буга чейинки ченемдик укуктук актылардагы айрым коллизиялар кездешип келгендигине байланыштуу, бул багыттагы иштер жеткиликтүү деңгээлде жүрбөй келген. Эми жаңы кабыл алынган Жобого ылайык, жерге мунапыс берүү процесстери жеңилдетилет жана тездетилет. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө жарандардын сунуштары дагы эске алынды.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапыс берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна жер мунапысын жүргүзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, айрым пункттарды тактоо, конкреттештирүү жана кайталанган ченемдерди алып салуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилди. Арыз ээлерине кабарлоо убактысын кыскартуу, архитектуралык-пландоо документтерин биринчи ирээтте жөнөкөйлөтүү, андан кийин аларды даярдоону тездетүү жана комиссиянын кароосуна киргизүү максатында тиешелүү пунктар жаңы редакцияда берилди. Жер мунапыс объектисине мурда катталган укуктар болгон учурда укукту мамлекеттик каттоо жөнүндө ченемдерди киргизүү зарылдыгына байланыштуу тиешелүү пункт жаңы редакцияда кабыл алынды. Мындай учурлар боюнча жаңы Жобо жер участогуна чектөө коюу менен укукту алдын ала каттоону ишке ашыруу болжолдонот. Бул ченем жер мунапысынын объектлерин мамлекеттик каттоодон өтүү көйгөйлөрүн чечүүгө жол ачат, миңдеген жарандардын жерлерине мунапыс берүү боюнча арыздарынын комиссияларда кароосу бүтүп, чечимдерин жана мамлекеттик каттоо жөнүндө актыларын колдоруна тийүүсү тездетилет.

Ведомстволор аралык жумушчу топ жумушун улап, жер мунапысынын жүргүзүүсүнө тоскоолдук кылган дагы башка бөгөттөрдү жокко чыгаруу жана кыскартуу багытында ишин алып барууда.

Связанный пост