Images

Саясат

Кыргызстанга Александр Лукашенко келди

Кыргызстанга Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко келди. «Манас» Эл аралык аэропортунан Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды. Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Бишкек щаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.Читать далее

Коом

Ысык-Ата районундагы бала-бакча жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Ата филиалынын “Кадастр” мамалекеттик мекемесинде “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, Интернациональный айыл өкмөтүндө мурда мамлекет тарабынан бала бакчанын имараты курулуп, бирок ал айыл өкмөтүнүн балансында турбагандыгы, аталган имарат тийишүү документсиз жеке жарандар тарабынан иштетилип келгендиги аныкталган. […]Читать далее

Маданият

Ормон хандын 230 жылдыгына карата илимий- практикалык конференция уюштурулду

Бүгүн, 8-декабрь күнү Улуттук тарых музейинде Ормон хан Ниязбек уулунун (Ормон хандын) 230 жылдыгына карата “Ормон хан Ниязбек уулу- XIX кылымдын орто чениндеги көчмөн Кыргыз мамлекетинин түзүүчүсү” аталышындагы эл аралык илимий- практикалык конференция өттү. Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышып, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө негиз салуучулардын бири, белгилүү саясий ишмер Ормон […]Читать далее

Саясат

Ошто кооптуу аймакта жашаган 36 үй-бүлөгө жер тилкелери берилди

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Учкун айылында кооптуу аймакта жашаган 36 үй-бүлөгө жер тилкелери берилди. Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Турусбек Ногоев катышты. Ош облусунун башчысы кызыл китептерди тапшырып жатып, жергиликтүү тургундарды коопсуз аймака көчүп иштеринде көмөк көрсөтүлүп жатканын билдирди. “Мындай бир нече ай мурун Учкун […]Читать далее

Саясат

Марат Иманкулов Борбордук Азия жана Индиянын коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусуна

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Нью-Дели шаарында өткөрүлгөн «Индия — Борбор Азия» форматындагы улуттук коопсуздук кеңешчилери — коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты. Марат Иманкулов өз сөзүндө белгилегендей, иш-чаранын форматы кандайдыр бир мамлекеттер тобун обочолонтуу дегенди билдирбейт, тескерисинче, тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө кызыкчылыгында кеңири аймактык кызматташтыктын уландысы болуп саналат. Ал Борбордук Азия жана Индия мамлекеттеринин ортосунда […]Читать далее

Саясат

Акылбек Жапаров: Евразия мейкиндигинде түз инвестициялык фондду түзүү зарылчылыгы бар

Евразия мейкиндигинин чегинде биргелешкен инвестициялык аянтчалардын жана тике инвестициялык фонддор тутумун бириктирүүчү түз инвестициялык фондду түзүү зарылчылыгы бар. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек инвестициялык саммитинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Министрлер Кабинетинин башчысы мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүдө инвестициялардын маанилүү ролун белгиледи. Анын айтымында, акыркы беш жылда жаңы инвестициялык долбоорлордо кичи жана орто бизнестин үлүшү 5,7%дан […]Читать далее

Саясат

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери иш сапары менен Кыргызстанга келди

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Вице-премьери Ху Чуньхуа иш сапары менен Кыргызстанга келди. Конокторду “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөөрү пландалууда.Читать далее

Саясат

Президент депутаттардын суракка чакырылышын иликтей турган жумушчу топ түздү

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев жана Шайлообек Атазовду Башкы прокуратура кандай негизде суракка чакырганын иликтей турган жумушчу топ түздү. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү, 8-декабрдагы жыйынында төрага Нурлан Шакиев билдирди. Анын айтуусуна караганда, жумушчу топко бир жумалык мөөнөт берилди, ал аралыкта тиешелүү иштер аткарылып, корутундусу президентке жөнөтүлөт. “Депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовго […]Читать далее

Билим

Окуучулардын кышкы эс алуусу 12 күнгө созулат

Мектеп окуучуларынын кышкы эс алуусу 30-декабрдан 2023-жылдын 10-январына чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык мектептерде сабактар 2023-жылдын 11-январынан башталат.Читать далее

Спорт

Эмил Молдодосов жана Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Дүйнө чемпионатына

Кыргызстандын оор атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Эмил Молдодосов жана Бекдөөлөт Расулбеков Богата (Колумбия) шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатына катышууда. Мелдеште 93 өлкөдөн 537 спортчу (270 аял жана 267 эркек) күч сынашат. Эмил Молдодосов чемипонатка 89 кг салмак категориясында 11-декабрь күнү, Бекдөөлөт Расулбеков 102 кг салмакта 13-декабрда чыгат. Спортчулар улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы […]Читать далее