Марат Иманкулов Борбордук Азия жана Индиянын коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусуна катышты

 Марат Иманкулов Борбордук Азия жана Индиянын коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусуна катышты

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Нью-Дели шаарында өткөрүлгөн «Индия — Борбор Азия» форматындагы улуттук коопсуздук кеңешчилери — коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты.

Марат Иманкулов өз сөзүндө белгилегендей, иш-чаранын форматы кандайдыр бир мамлекеттер тобун обочолонтуу дегенди билдирбейт, тескерисинче, тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө кызыкчылыгында кеңири аймактык кызматташтыктын уландысы болуп саналат.

Ал Борбордук Азия жана Индия мамлекеттеринин ортосунда аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында, ошондой эле, эл аралык терроризмдин, экстремизмдин жана баңги аткезчилигинин, өзгөчө Афганстандын аймагынан келип чыккан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда жалпы кызыкчылык бар экенин баса белгиледи. Борбордук Азия мамлекеттери Индия сыяктуу эле терроризмди чек арасы жок коркунуч катары көрүшөт.

Марат Иманкуловдун айтымында, кыргыз-индия мамилелери эки тараптуу жана көп тараптуу долбоорлордо оң жагына өнүгүүдө. Ошондой эле, Кыргызстан менен Индия достугу бекем жана эки тараптуу мамилелер өнөктөштүк мамиледе курулган.

Связанный пост