Ормон хандын 230 жылдыгына карата илимий- практикалык конференция уюштурулду

 Ормон хандын 230 жылдыгына  карата илимий- практикалык конференция уюштурулду

Бүгүн, 8-декабрь күнү Улуттук тарых музейинде Ормон хан Ниязбек уулунун (Ормон хандын) 230 жылдыгына карата “Ормон хан Ниязбек уулу- XIX кылымдын орто чениндеги көчмөн Кыргыз мамлекетинин түзүүчүсү” аталышындагы эл аралык илимий- практикалык конференция өттү.

Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышып, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө негиз салуучулардын бири, белгилүү саясий ишмер Ормон Хан Ниязбек уулунун өмүр жолу тууралуу сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө министр Ормон хандын өнөктүү өмүрү, кыргыз урууларынын ынтымагы жана ырбап жаткан кыргыз элин бириктирүүгө болгон иш- аракеттери, ошол кездеги эл аралык алакадагы таасирине токтолду.

Илимий- практикалык конференциянын жүрүшүнө Накен Касиев, Кемел Ашыралиев, Каныбек Иманалиев, Бекболот Талгарбеков сындуу белгилүү коомдук ишмерлер, Аблабек Асанканов, Өскөн Осмонов, Кыяс Молдокасымов баштаган бир катар тарыхчы окумуштуулар, санжырачылар жана Ормон хандын урпактары катышты.

Связанный пост