Акылбек Жапаров: Евразия мейкиндигинде түз инвестициялык фондду түзүү зарылчылыгы бар

 Акылбек Жапаров: Евразия мейкиндигинде түз инвестициялык фондду түзүү зарылчылыгы бар

Евразия мейкиндигинин чегинде биргелешкен инвестициялык аянтчалардын жана тике инвестициялык фонддор тутумун бириктирүүчү түз инвестициялык фондду түзүү зарылчылыгы бар. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек инвестициялык саммитинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүдө инвестициялардын маанилүү ролун белгиледи.

Анын айтымында, акыркы беш жылда жаңы инвестициялык долбоорлордо кичи жана орто бизнестин үлүшү 5,7%дан 1,3%га кыскарган. Ар бир өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүшү көптөгөн факторлордон көз каранды, бирок алардын ичинен эң негизгиси чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, өндүрүлгөн продукциянын экспортко багытталуусу болуп саналат.

«Кичи жана орто ишканалар өздөрүнүн мобилдүүлүгүнүн, ийкемдүүлүгүнүн, ишке карай инновациялык мамиле кылуусунун аркасында ар кандай өзгөрүүлөргө ыкчам көнүүгө, жаңы продукцияны тез өндүрүүгө жөндөмдүү. Натыйжада, чакан жана орто бизнестин эсебинен оптималдуу чарбалык пропорциялар түзүлөт жана сакталат. Ошондуктан, биз мындан ары да кичи жана орто бизнести жигердүү колдоого, инвестициялоого жана алардын ишмердүүлүгүн күчөтүүгө, алдыңкы технологияны өздөштүрүү үчүн өз ара өндүрүштүк кооперацияны чыңдоого тийишпиз. Эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, экспорттун көлөмүн жана комплекстүүлүгүн жогорулатууга, жогорку технологиялык капиталды көп талап кылуучу жеке капиталдын жетишсиздиги бар долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тийиштүү деңгээлдеги мамлекеттик колдоого ээ кошумча наркы жогору продукциянын жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарын өздөштүрүүгө жетишүү зарыл», – деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы бүгүнкү Саммит ири инфраструктуралык жана башка экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жаңы демилгелер сунуштала турган аянтча экендигин, санариптештирүү, жаңы технологиялар жана башка тармактарда кызматташуу илгерилей тургандыгын белгиледи.

«Инновация, технологияга суроо-талап жогору бойдон кала берет. Министрлер Кабинети эки тарапка тең пайдалуу шарттардагы демилгелерди жана инвестициялык долбоорлорду талкуулоого жана ишке ашырууга даяр», – деди ал.

Связанный пост