Эмил Молдодосов жана Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Дүйнө чемпионатына катышууда

 Эмил Молдодосов жана Бекдөөлөт  Расулбеков оор атлетика боюнча Дүйнө чемпионатына катышууда

Кыргызстандын оор атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Эмил Молдодосов жана Бекдөөлөт Расулбеков Богата (Колумбия) шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатына катышууда. Мелдеште 93 өлкөдөн 537 спортчу (270 аял жана 267 эркек) күч сынашат.

Эмил Молдодосов чемипонатка 89 кг салмак категориясында 11-декабрь күнү, Бекдөөлөт Расулбеков 102 кг салмакта 13-декабрда чыгат.

Спортчулар улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиевдин жетекчилиги алдында чыгышат.

Белгилей кетсек, мелдеште медалдардан сырткары 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн рейтингдик упайлар берилет. Чемпионат 5-декабрда башталган, 16-декабрга чейин уланат.

Связанный пост