Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда бүгүн, 29-декабрда, өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга — ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу салтанаттуу аземи болот. Иш-чара УТРК, республикалык, облустук телеканалдардын жана социалдык баракчалардын түз эфиринде чагылдырылат. Иш-чараны көрсөтүү саат 10:00дө башталат.Читать далее
Бүгүн, 28-декабрда Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн Министрлер Кабинетинин жыйынында «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамы боюнча жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды. Жеңүүчүлөрдүн биринчи тобунун арасында өлкөнүн жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарында жайгашкан төмөнкү айыл өкмөттөр бар: — 1 500 000 сом байге фонду менен I орун — Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтү; […]Читать далее
“Биздин дин кызматынын өкүлдөрү ысырапкорчулукка каршы күрөшүү боюнча жакшы кызматташып жатышат. Бирок ошол эле учурда айрым аткаминерлер өздөрү элге үлгү болгондун ордуна, ашыкча чыгымдарды жасап келген фактылар бар. Бул маселеге дагы көңүлүңүздөрдү бургум келет. Элден “ысырапкорчулукту токтоткула” деп талап кылуудан мурун, чиновниктер карапайым калкка үлгү болушу керек”, – деп баса белгиледи президент.Читать далее
“Кыргыз жарандары кыргыз тилинде сүйлөй алгандай, жаза алгандай, ойлоно алгандай шарт түзүшүбүз керек. Биз өзүбүз кайдыгер мамиле кылсак, мамлекеттик тил эч качан өнүкпөйт”,- деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында. “»Өнөр алды — кызыл тил« дейт элибизде. Мамлекеттин туруктуу өнүгүшү, улуттун улут болуп сакталып калышы үчүн Мамлекеттик тилдин өзгөчө орунду ээлери […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун ишинине мониторингдин жана натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыгын чыгарды. Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөнүн башкы документи болгон – Улуттук программага сапаттуу жана толук ишке ашыруу үчүн министрликтердин жана ведомстволордун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн так жана жөнөкөй системасы киргизилгендигин белгиледи. Анда ар […]Читать далее
“Чек ара толук чечилмейин мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келе берет”,- деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында. “Ага тилекке каршы соңку окуялар күбө. Дал ушундан улам бүгүнкү күндө үч коңшу өлкө менен чек ара маселелерин тактап алдык. Тажикстан менен чек араны тынчтык, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Эгемендүүлүк жылдан […]Читать далее
Билим берүү тармагында олуттуу өзгөрүүлөр башталды, – деди президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында. Мамлекет башчысы өз сөзүндө билим берүүнүн стандарттары толугу менен каралып чыккандыгын эске салды. “Мектеп директорлорун ротациялоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, ондогон жылдар бою бир ордунда отурган директорлор алмашты. Кошумча каржы булактары табылып, мугалимдердин айлыгы сезилерлик деңгээлде көтөрүлдү. Бул алардын шыктануусуна, […]Читать далее
Бүгүн, 28-декабрда КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Хидэки Годаны кабыл алды. Жолугушууда кыргыз-жапон кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттик алакаларды арттыруу тууралуу сөз болду. Төрага Нурланбек Шакиев алгач Хидэки Годаны Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап: “Тажрыйбалуу элчи катары эки элдин байланышын чыңдоого зор салым […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда салтка айланган балдар үчүн жаңы жылдык балатыга катышты. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1 100 бала чакырылган, анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын балдары, аз […]Читать далее
«Келе жаткан Жаңы жылда биз силерден мыкты жетишкендиктерди, кызыктуу идеялар менен жаңы ачылыштарды жана жеңиштерди күтөбүз», — деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыда баса белгиледи. Мамлекет башчысынын президенттик балатыда сүйлөгөн сөзүнүн толук тексти: «Урматтуу балдарым! Кымбаттуу жеткинчектер! Силерди көптөн күткөн эң ажайып майрамыңар […]Читать далее