Президент: 2023-жыл ар бир окуучу үчүн чоң жетишкендиктердин жылы болсун!

 Президент: 2023-жыл ар бир окуучу үчүн чоң жетишкендиктердин жылы болсун!

«Келе жаткан Жаңы жылда биз силерден мыкты жетишкендиктерди, кызыктуу идеялар менен жаңы ачылыштарды жана жеңиштерди күтөбүз», — деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыда баса белгиледи.

Мамлекет башчысынын президенттик балатыда сүйлөгөн сөзүнүн толук тексти:

«Урматтуу балдарым!

Кымбаттуу жеткинчектер!

Силерди көптөн күткөн эң ажайып майрамыңар — жаңы 2023-жылыңар менен чын дилимден куттуктаймын!

Ушул саналуу күндөрдө биз — баарыбыз, силер дагы өтүп бараткан жылда болгон бардык жакшы иштерди эстеп, жетишкен ийгиликтерди көз алдыбыздан өткөрөбүз. Себеби, алар өз учурунда баарыбызга жылуу сезимдерди, кубанычтуу мүнөттөрдү тартуулаган. Андай жагымдуу учурлар силердин окууга болгон кызыгууңарды арттырып, демиңерге дем, күчүңөргө күч кошту!

Силердин мектеп турмушуңардагы маанилүү окуя — эл аралык олимпиадалардан жеңип келгениңер агай-эжейлерди, ата-энелерди жана жалпы эле өлкөбүздү айтып бүткүс керемет кубанычка бөлөдү, көңүлүбүздү көкөлөттү!

Мисалы, узап бара жаткан жылда республиканын мектеп окуучуларынын химия, математика, физика боюнча түрдүү эл аралык олимпиадалардагы жеңиштери баарыбызды абдан кубандырды.

Дүйнө жүзү боюнча 700дөн ашык мектептен 10000 окуучу катышкан Улуу Британиядагы биология олимпиадасында биздин окуучулар 4 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медалга, жалпысы 14 медалга ээ болушту.

Алар сүйүктүү Кыргызстаныбыздын атын дүйнөгө даңазалашты. Биз дагы түндүгүнөн күн нуру жаркыраган кызыл желегибизди бийик желбиреткен силердин классташтарыңар, курбу-курдаштарыңар менен абдан сыймыктанабыз!

Үстүбүздөгү жылы биздин окуучуларыбыз ден соолуктарын дайыма чыңдап, спорт менен талбай машыгып, эл аралык мелдештерде натыйжа көрсөтүүгө да жетишти.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Уфа шаарында өткөн тогузунчу эл аралык мектеп спартакиадасына катышкан 400дөн ашуун мектеп окуучуларынын ичинен жаш баскетболчуларыбыз байгелүү орун ээлеп, жеңишти камсыздай алышты.

Мындай ийгиликтерибизди санай берсек, бир топ. Эми 2023-жыл Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн албан-албан ийгиликтерди алып келген, жаратман окуялар менен жакшы өзгөрүүлөргө толгон жемиштүү жыл болсун деп тилек кылалы. Биз силерден келе жаткан Жаңы жылда мыкты жетишкендиктерди, кызыктуу идеялар менен жаңы ачылыштарды жана кыргыз элине тартуулаган жеңиштерди күтөбүз! Алдыңарда кеңири мейкиндиктер ачылып, алдыга койгон максаттарыңар ишке ашсын!

Ал эми мындай максат-тилектерди жүзөгө ашыруу үчүн, урматтуу балдарым, кымбаттуу окуучулар, албетте, талбай окушуңар керек! Себеби, „Билимдүүгө дүйнө жарык“ деген накыл сөздө айтылгандай, билимиңерди канчалык өстүрсөңөр, арышыңар ошончолук кеңейет, аалам, дүйнө силерге кучагын ачат!

Өзүңөрдү Кыргызстандын мекенчил атуулу катары сезип, „мен Ата Мекенимдин өнүгүшүнө салым кошо алам!“ деген укмуштуудай бекем ишеним пайда болот!

Билим менен тарбия куштун эки канатындай, бири-биринен айырып кароого болбой турган эгиз түшүнүк. Муну агай-эжейлериңер ар дайым акыл-насаат кылып айтып келатышат. Билимиңер терең болуп, тарбияңар дагы ошончолук бийик болсо, ажайып кооз жаратылышка ээ, эркиндикти сүйгөн, демократиялуу жолго түшкөн эгемен Кыргызстандын жараны деген сыймыктуу атка татыйсыңар.

Билим менен тарбияңар төп келишсе, „Улууну урматтап, кичүүнө ызааттап“, чоң аталарыбыздан калган каада-салтты, нарк-насилди бекем кармай билсеңер ата-энеңерге болгон сый-урматыңар көрүнөт! Ата-эне эле эмес, бүтүндөй бир элдин, бүтүндөй бир мамлекеттин абырою артат, өз өлкөсү менен сыймыктанган, мекенчилдик сезими күчтүү, таалим-тарбиялуу, билимдүү атуул боло аласыңар! Бул абдан маанилүү!

Урматтуу окуучулар!

Бүгүнкү күндө КОВИДден кийинки мезгил деп аталган жаңы реалдуулук пайда болуп, дүйнөдө биринчи кезекте билим берүү секторун санариптик технологияларга өтүүгө, STEM предметтерин изилдөөгө, табигый илимдерге, технология, инженерия жана математикага басым жасоого алып келди. Силер жакшы билгендей, IT-технологиялары келечектүү тармакка айланды. Ошентип санариптештирүү биздин жашообуздун бардык чөйрөлөрүн камтыды.

Мындай ыкчам өзгөрүүлөрдүн, инновациялык долбоорлордун доору билимге терең маани берүүнү, талбай окууну, жоопкерчиликти сезе билүүнү талап кылууда! Ошондуктан алдыңарга жаңы-жаңы максаттарды коюп, билим берүү тармагындагы ыкчам өнүгүп жаткан жетишкендиктерден артта калбай, дүйнөлүк процесстерге батыл аралашууга умтулууңар кажет!

Дүйнө таанымыңарды кеңейтип, заманбап илимий көз карашты калыптандырышыңар зарыл!

Келе жаткан жылга ар бириңер алдыңарга конкреттүү пландарды коюп, аларды сөзсүз ишке ашырам деген бекем эрк менен киришкиле!

Жаңы жыл майрамында баарыбыз келечекке үмүт менен карап, тилек кылабыз, силерден ири ийгиликтерди, мыкты саамалыктарды күтөбүз.

Ар бир окуучунун ата-энеси уул-кызынын жараткан ийгиликтерине кубанган окуялар көп болсун!

Агай-эжейлердин окуучуларын татыктуу тарбиялап, терең билим берүүгө ынтызарлыгы, чыгармачылыгы артсын!

Билимдүү жаштарыбыздын саны арбып, элибиздин келечекке болгон үмүт-тилеги жанып, өлкөбүздүн өнүгүүсү ыкчамдай берсин!

2023-жыл ар бир окуучу үчүн чоң-чоң жетишкендиктердин жылы болсун!

Жаңы жылыңар менен кымбаттуу жеткинчектер!».

Связанный пост