Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун иши боюнча жүргүзүлгөн баа берүүнүн жыйынтыгын чыгарды

 Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун иши боюнча жүргүзүлгөн баа берүүнүн жыйынтыгын чыгарды

Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун ишинине мониторингдин жана натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөнүн башкы документи болгон – Улуттук программага сапаттуу жана толук ишке ашыруу үчүн министрликтердин жана ведомстволордун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн так жана жөнөкөй системасы киргизилгендигин белгиледи. Анда ар бир мамлекеттик органдын ар бир иш-чарага жоопкерчиликтүү караганы жана салым кошкону каралды.

“Мындай ыкма үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын башында Швейцарияда өткөн стратегиялык документтерге мониторинг жүргүзүү боюнча аналитиктердин эл аралык форумунда сунушталган жана стратегияларды сапаттуу ишке ашыруунун деңгээлин жана ага мамлекеттик органдардын катышуусун жөнөкөйлөтүлгөн түрдө аныктоого мүмкүндүк берет”, — деди Акылбек Жапаров.

Талдоонун жыйынтыгы боюнча “мыкты”, “жакшы”, “үч” жана “эки” деген баалар менен аныкталганын кошумчалады.

“Министрлер Кабинетинин 2022-жылга карата иш-аракеттер Планында 650 иш-чара каралган”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы Иш-чаралар планынын аткарылышын талдоонун жана мониторингдин жыйынтыгында төмөндөгүдөй жыйынтыктарды бергендигин билдирди:

– “мыкты” деген баа менен – 10 мамлекеттик орган;

– “жакшы” деген баа менен – 19;

– “канааттандырарлык” баасын – 3;

– 1 мамлекеттик органга “канааттандырарлык эмес” деген баа берилген.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы “эң жакшы” деген баа алган министрликтер менен ведомстволорду санап чыгып, башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин жакшы натыйжа алуу үчүн болгон потенциалды пайдаланууга чакырды.

Тизмедеги мамлекеттик органдар “эң жакшы” деген баа алышты:

– Мамлекеттик салык кызматы;

– Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;

– Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

– Ички иштер министрлиги;

– Коргоо министрлиги;

– Тышкы иштер министрлиги;

– Юстиция министрлиги;

– Улуттук статистика комитети;

– Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги;

– Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы мамлекеттик органдардын тоскоолдуксуз иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

“Эл бизден көрүнүктүү натыйжаларды күтүүдө, анткени тармактык саясатты жана реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каржы ресурстары бөлүнгөн, бардык бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысы болуп көрбөгөндөй көбөйтүлгөн жана кадрларды тандоо процессине эч ким кийлигишпейт. Болгону иштөө жана өзүнүн түздөн-түз функционалдык милдеттерин так аткаруу гана калды”, – деп баса белгилеген Министрлер Кабинетинин башчысы, биринчи баа 2022-жылдын биринчи жарымында жүргүзүлүп, натыйжада бир катар кемчиликтер орун алганын кошумчалады жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугу аныкталгандарга тиешелүү эскертүүлөр берилди.

Связанный пост