Бишкекте балдар үчүн Президенттик балаты болуп өттү

 Бишкекте балдар үчүн Президенттик балаты болуп өттү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда салтка айланган балдар үчүн жаңы жылдык балатыга катышты.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1 100 бала чакырылган, анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ж. б. бар.

Балдарга жеткинчек балдардын бий топтору тарабынан даярдалган «Жакшылык ыроологон Жаңы жыл» аттуу театрлаштырылган музыкалык жаңы жылдык спектакль көрсөтүлдү.

Өз каалоо-тилектерин видеоформатта белгилүү кыргызстандыктар айтышты.

Андан соң Президент Садыр Жапаров майрамдын катышуучуларын куттуктап, келе жаткан Жаңы жылда чоң ийгиликтерди, кызыктуу идеяларды, жаңы ачылыштарды жана жеңиштерди каалады.

Аягында балдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан белектер тапшырылды.

Связанный пост