Президент: Мамлекет илим тармагын өнүктүрүү үчүн өзгөчө көңүл бурууда

 Президент: Мамлекет илим тармагын өнүктүрүү үчүн өзгөчө көңүл бурууда

Билим берүү тармагында олуттуу өзгөрүүлөр башталды, – деди президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө билим берүүнүн стандарттары толугу менен каралып чыккандыгын эске салды.

“Мектеп директорлорун ротациялоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, ондогон жылдар бою бир ордунда отурган директорлор алмашты. Кошумча каржы булактары табылып, мугалимдердин айлыгы сезилерлик деңгээлде көтөрүлдү. Бул алардын шыктануусуна, жигердүү иштешине дем-күч болуп, чоң түрктү берди”, – деди ал.

Президенттин айтуусуна караганда, замандын талабына жараша мамлекет илим тармагын өнүктүрүү үчүн жаңыча билим берүү ыкмаларын иштеп чыгуу процессине өзгөчө көңүл бура баштады. Илим менен инновациялык өндүрүш тыгыз байланышта болуп, атаандаштык экономикада олуттуу орунду ээлеши керек.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгондугун эске салды.

“Анын негизинде өлкөнүн беш жогорку окуу жайы уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны берүүнү караган өзгөчө статуска ээ болушту. Демек, ал окуу жайлары инновацияга жана атаандаштыкка татыктуу илимий борборлорго айлануусу шарт”, – деди президент.

Связанный пост